Жыл башынан бери Ошто миңден ашуун жумушсуз жумушка орношту

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү.
Министрге кесиптик багыт берүү борборунун иши жөнүндө маалымат берилди, анда жумушсуз жаштар жана мектеп окуучулары кесип тандоодо жардам берилет.
Кызматкерлердин алдына министр тарабынан калкты иш менен камсыз кылуу, миграция жана жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу маселелери боюнча кеңири маалыматтык-консультациялык иштерди жүргүзүү боюнча милдеттер коюлду.
Жолугушууда шаардык башкармалыктын кызматкерлери тарабынан 2022 жылдын 5 – айында 251 жумушсуз кийим тигүү, кондитердик цехтер, коммуналдык кызматтар жана башка ишканаларга ишке орношкону айтылды.
Дагы 112 адам эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге окутууга багытталган, 830 жумушсуз акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга тартылганы туралуу маалымат берилди.
Пайдалуу
Ссылкалар