Эмгек министрлиги бүткүл өлкө боюнча майыптыгы бар балдарды реабилитациялоонун жаңы ыкмаларын киргизүүгө ниетенүүдө

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев “АПЛИФТ” Коомдук Фондунун негиздөөчүсү Марен Эрнст менен болгон жолугушууда билдирди.
“Эмгек министрлиги бүткүл республика боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо боюнча эл аралык тажрыйбаны колдонууга ниеттенүүдө. Бул үчүн биз бул багыттагы иштерди уюштурабыз жана системалаштырабыз жана өлкөнүн бардык аймактарында уникалдуу методикаларды жеткиликтүү кылабыз”, – деди министр.
АПЛИФТ коомдук фонду 2005-жылдан бери Кыргызстанда балдардын балдар үйлөрүнө кирүүсүн алдын алуу үчүн жага баш тартуунууга багытталган 9 программаны ишке ашырып келет.
Ошондой эле фонд физикалык терапия, логопедия жана башка тармактар боюнча жергиликтүү адистердин компетенциясын жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Фонд өзүнүн программалары аркылуу 17 жыл ичинде 10 000ден ашуун балага колдоо көрсөттү. Учурда ал интернат тибиндеги 5 мамлекеттик мекеме менен иштейт.
Пайдалуу
Ссылкалар