Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы негизги артыкчылыктуу багыттарды аныктады

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотованын “GIZ Ишке орноштурууга жана кесиптик билим берүүгө көмөктөшүү” долбоорунун жетекчиси Т.Т. Кудайбергенова, Кыргыз Республикасындагы ЭЭУнун улуттук координатору Б.Ж. Ороков жана ЭЭУнун Москвадагы кеңсесинин иш менен камсыз кылуу боюнча башкы адиси Казутоши Чатани менен жолугушуусунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын артыкчылыктарын эске алуу менен, 2023-2027-жылдарга калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү программасынын долбоорун жаңылоо маселеси талкууланды.
Программанын долбоорунун негизги багыттары аныкталды:
1) калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы кызматтардын жеткиликтүүлүгү;
2) жарандардын жумушсуздуктан коргоо укугун ишке ашырууну камсыз кылуу;
3) жарандарга билим берүүнүн ийкемдүү жана заманбап системасын түзүү жана квалификациялуу кадрларды даярдоо;
4) иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүн санариптештирүү;
5) калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча маалымдуулукту жогорулатуу.
Пайдалуу
Ссылкалар