Бишкекте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы майыптардын иштери боюнча кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү

24-июнунда Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Байсалов Эдил Жолдубаевичтин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча Кеңештин (Кеңеш) кезектеги отуруму өткөрүлдү. Анда министрликтерден, ведомстволордон жана КЭУдан Кеңештин мүчөлөрү катышты.
Кеңеште майыптыгы бар адамдарды спортко жана дене тарбияга тартуу боюнча түзүлгөн жумушчу топтун ишинин натыйжалары, Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертизанын учурдагы абалы, ошондой эле Кеңештин мурда кабыл алынган чечимдеринин мониторинги талкууланды.
Бул Кеңеште мамлекеттик органдардын өкүлдөрү өкмөттүк эмес уюмдар менен бирдикте республикада майыптыгы бар адамдардын абалын жакшыртуу боюнча чечимдерди талкуулашат жана кабыл алышат.
Пайдалуу
Ссылкалар