Эмгек министрлиги мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасында шахматты өнүктүрүүнү колдоого ниеттенүүдө

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында шахмат боюнча турнирдин ачылыш аземинде билдирди.
“Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун “Руханий-адеп-ахлактык өнүгүү жана дене тарбия жөнүндө” биринчи Жарлыгында спортту, анын ичинде анын интеллектуалдык түрлөрүн өнүктүрүү мамлекет тарабынан колдоого алынышы керек деп белгилеген, биздин министрлик биринчи жолу бул турнирдин башкы өнөктөштөрү болуп чыгып, федерация менен кызматташуубузду өнүктүрүүгө ниеттенип жатабыз”, – деди министр.
Турнир чоңдор жана балдар арасында өтөт, мелдешке көрүү, угуу, жалпы оору боюнча майыптар катышат, катышуучулардын жалпы саны 100 адам.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын шахмат федерациясы КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте уюштурду.
Шахмат чемпионаты 2022-жылдын 1-июлуна чейин созулат.
Пайдалуу
Ссылкалар