Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде балдарды коргоо боюнча 2022-2026-жылдарга карата Программанын долбоору жана аны ишке ашыруу Планы талкууланды

Талкууга Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Ж.И. Алыбаева, Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча 2022-2026-жылдарга балдарды коргоо программасынын жана планынын долбооруна киргизүү боюнча сунуштар айтылды.
Балдарды коргоо программасы балдардын кызыкчылыгында мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын жана милдеттерин, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине негизделген аны ишке ашыруунун негизги механизмдерин аныктоо максатында иштелип чыккан.
Долбоордун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
– турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо системасын өркүндөтүү;
– балдарды коргоо боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү;
– турмуштук оор кырдаалда турган балдар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн социалдык кызматтарды өнүктүрүү.
Пайдалуу
Ссылкалар