Батыш Салиеванын 100 жылдыгына карата республика боюнча иш-чаралар өтүүдө

 Кыргызстанда көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Батыш Салиеванын 100 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралар өтү.
Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун колдоосу менен эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан уюштурулган.
Бүгүнкү күндө республикада Батыш Салиеванын аракетинин аркасында Кыргызстанда интернат мекемелеринин системасы түзүлгөндүгү эскерилет. Социалдык камсыздоо министри болуп иштеген мезгилде (жалпысынан 25 жыл) ал тарабынан жети кары-картаңдар жана майыптар үчүн жатак-үйлөр курулуп, 6 үй реконструкцияланып, кеңейтилген.
Анын жетекчилиги астында Нижня Серафимовка айылында 500 орундуу көмөкчү чарбасы жана жемиш бакчасы бар карылар жана майыптар үчүн үй-интернат ачылды. Ал Талас облусунда улгайган адамдар үчүн интернат, Токмоктогу, Жайыл аялдар жана Беловодск балдар интернаттарын ачкан.
Ошондой эле анын аракети менен Кыргызстанда Борбордук Азияда протездик-ортопедиялык буюмдарды жасоо боюнча биринчи мекеме ачылган. Ал эми адистерди ал Союздун бардык аймактарынан жеке өзү чогулткан.
Ал СССРдин Жогорку Кеңешинин улуттар кеңешинин саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо боюнча комиссиясынын төрагасы болуп иштеп Борбордук Азиядан ушул даражага жеткен жалгыз аял болуп калды.
Батыш Салиева эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордендери, СССРдин көптөгөн медалдары, ардак грамоталары менен сыйланган.
Пайдалуу
Ссылкалар