«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын июнь айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 1 – июнунан 1 – июлуна чейин 9174 телефондон кайрылуу (же бир суткада 305 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 290 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 78 же 26,9% жаш балдардан, ал эми 212 же 73,1% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 230 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 22 абонентке психологиялык консультация берилди, 38 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

290 чалуунун  ичинен эркектерден – 70 (же 24,1%), аялдардан – 220 (же 75,9%), балдардан – 78: анын ичинен эркек балдардан – 29 (же 37,2%), кыздардан – 49 (же 62,8%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 107;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 29;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү тууралуу– 29;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм туруму, ата эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 27;

– психологиялык жабырлануудан – 20;

– аялдарга карата үй- бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 15;

– БҮИТ борбору тууралуу маалымат – 14;

– башка суроолор менен – 13;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип –11;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 9;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 6;

– медициналык камсыздоо тууралуу – 5;

– мектептеги рэкет тууралуу – 3;

– билим берүү системасы боюнча – 2.

8884 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 67 (же 23,1%);

– Чүй облусунан – 43 (же 14,8%);

– Ош облусунан – 43 (же 14,8%);

– Жалал-Абад облусунан – 33 (же 11,4%);

– Ысык-Көл облусунан – 21 (же 7,2%);

– Ош шаарынан – 13 (же 4,5%);

– Баткен облусунан – 9 (же 3,1%);

– Талас облусунан – 8 (же 2,8%).

– Нарын облусунан  – 5 (же 1,7%);

– анонимдерден – 48 (или 16,6%).

Пайдалуу
Ссылкалар