Июль айында Россиядан Кыргызстанга 6 бала кайтып келди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды башка өлкөлөрдөн кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып беришти.
Ар кандай жагдайлардан улам Кыргыз Республикасынын жарандары болгон балдар башка өлкөлөрдүн аймагында ата – энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калышат. Мындай балдар аныкталганына жараша Россия Федерациясында, Казакстан Республикасында жана башка өлкөлөрдө аккредиттелген дипломатиялык мекемелерден министрликтин дарегине мекенине кайтаруу зарылдыгы жөнүндө тиешелүү каттар келип түшөт.
Кыргызстанга кайтып келгенден кийин балдар туугандарынын үй-бүлөлөрүнө же камкордукка алуу менен багып алуучу үй-бүлөлөргө жайгаштырылат. Эгерде мындай мүмкүнчүлүк болбосо, алар кийин асырап алуу үчүн мамлекеттик балдар мекемелерине жайгаштырылат.
Үстүбүздөгү жылдын июлунда Россиядан келген министрлик тарабынан 6 бала мекенине кайтарылган.
Нет описания фото.
Пайдалуу
Ссылкалар