«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын июль айынын экинчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 8 – 15 – июлуна чейин 2234 телефондон кайрылуу (же бир суткада 319 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 67 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 16 же 23,9% жаш балдардан, ал эми 51 же 76,1% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 50 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 7 абонентке психологиялык консультация берилди, 10 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып иш алып баруусу сунушталган.

67 чалуунун ичинен эркектерден – 18 (же 26,8%), аялдардан – 49 (же 73,2%), балдардан – 16: анын ичинен эркек балдардан – 4 (же 25,0%), кыздардан – 12 (же 75,0%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 18;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 16;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле,зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу- 8;

– психологиялык жабырлануудан – 7;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү тууралуу- 7;

– үй бүлөлүк мамилелер жана чыр чатактар тууралуу – 4;

– аялдарга карата үй- бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 2;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип –2;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 1;

– БУИТ борбору тууралуу маалымат – 1;

– медициналык камсыздоо тууралуу – 1.

2167 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 19 (же 28,4%);

– Ысык-Көл облусунан – 10 (же14,9%);

– Чүй облусунан – 10 (же 14,9%);

– Ош  облусунан – 7 (же 10,4%);

– Ош шаарынан  – 5 (же 7,6%);

– Баткен облусунан – 3 (же 4,5%);

– Жалал-Абад облусунан  – 2 (же 2,9%);

– Нарын облусунан – 2 (же 2,9%);

– Талас облусунан – 1 (же 1,5%);

– анонимдерден – 8 (же 12,0%).

Пайдалуу
Ссылкалар