Ош облусунун аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 54 бала форма жана окуу куралдарын колуна алышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси менен эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өнөктөш уюмдар менен биргеликте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына белектерди тапшырды.
Ош облусунун 54 баласы Эгемендик күнүнө жана Билим күнүнө карата белек катары мектеп формасын, рюкзактарды, бут кийимдерди, канцелярдык буюмдарды алышты.
Республика боюнча эмгек министрлиги жалпысынан 400 баланы форма жана мектеп буюмдары менен камсыз кылды.
Пайдалуу
Ссылкалар