Кемин райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы улук жана кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт

Кемин райондук  эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы  Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын негизинде улук жана кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт:

Жалпы квалификациялык талаптар административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;

2) Соттуулугу жок;

3) Жашы 21 жаштан кем эмес.

Улук административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундары учун жалпы мыйзамдар: 

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
  3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
  4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
  5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
    6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Кенже административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундары учун жалпы мыйзамдарды:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
    2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жонүндө” Мыйзамы;
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Улук топтун административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына төмөнкү квалификациялык талаптар белгиленет:        

1).Кесиптик билимдин деңгээли:

  • жогорку билим: гуманитардык билимдер, социалдык билимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табигый илимдер, техникалык илимдер.

2). Стажы жана иш тажрыйбасы:

–  мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3  жылдан кем эмес иш стажы;

3). Кесиптик компетенттүүлүгү:

  • төмөнкүлөрдү билүү:

1) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” Мыйзамы;

2) Кыргыз Республикасынын “Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө” Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын “Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө” Мыйзамы;

4) Кыргыз Республикасынын “Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү” Мыйзамы;

5) Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;

6) Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;

7) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы;

8) Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамы;

9) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

10) Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Мыйзамы;

11) Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы;

12) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы;

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

  • билгичтиги:

–  маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

–  аналитикалык документтерди даярдоо;

– тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

–  кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

–  иштиктүү үйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

–  эмгектин жаңы шарттарына адаптициялашуу.

  • көндүмдөрү:

 – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

–  ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

– компьютердик жана убштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.  

Кенже топтун административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына төмөнкү квалификациялык талаптар белгиленет: 

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

  • жогорку билим: гуманитардык билимдер, социалдык билимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табигый илимдер, техникалык илимдер.
  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:

– иш стажына талаптар коюлбайт;

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндо кодекси;

2) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

3) Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;

4) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

5) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы;

6) Кыргыз Республикасынын «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамы;

7) Кыргыз Республикасынын “Бугалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы;

8) Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы;

9) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы;

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

  • билгичтиги:

–  жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

–  документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

–  тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

–  кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

– жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

– мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

–  командада иштөө.

  • көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

– мамлекеттик кызматтын тобун көрсөтүү менен жеке арыз;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Белгиленген талаптарга туура келбеген толук эмес документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана даректери так болушу керек.

Конкурска катышуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн документтерди, 2023-жылдын 3-февралынан 16-февралына чейин төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Кемин шаары, Тукеева көчөсү, №1,  сурап билүү  тел.:03135 50-307.

Пайдалуу
Ссылкалар