2023-жылдын 13-мартынан баштап «Мекен-карт» документин алуу үчүн документтерди кабыл алуу башталат

2023-жылдын 13-мартынан баштап «Мекен-карт» документин алуу үчүн документтерди кабыл алуу башталат.
Мурда Кыргыз Республикасынын жараны болгон чет өлкөлүк жарандар, алардын балдары жана неберелери 13-марттан тартып чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендеш статусун алуу үчүн кайрылууга укуктуу (Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин жарандарын кошпогондо).
Бул үчүн чет өлкөлүк жаран төмөнкү дарекке кайрылышы керек:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында кайрылган учурда – аймактык бөлүктөргө же калкты тейлөө борбору (мындан ары – КТБ);
2) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде кайрылган учурда – Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине.
Белгилей кетсек, чет мамлекеттердин жарандарына чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештин статусу төмөнкүдөй укуктарды берүү менен ыйгарылат:
– Кыргыз Республикасынын аймагына виза тариздебестен кирүү, чыгуу, транзит менен жүрүү, орун которуу жана болуу;
– жашап турууга уруксат тариздебестен, Кыргыз Республикасында туруктуу жашоо;
– эмгек визасын тариздебей жана иштөөгө уруксаты жок Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн бекитилген негизде жана тартипте ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштөө же башка эмгек ишмердүүлүгү менен алектенүү;
– саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөсүндөгү төлөнүүчү кызматтарды Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей шартта төлөө;
– жер тилкесине укук пайда болгон күндөн тартып он жылдын ичинде айыл чарба багытындагы жерлерди ээликтен ажыратып берүү;
– Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын өткөн учурдан тартып 90 (токсон) жумушчу күндүн ичинде болгон жери боюнча каттоо мүмкүнчүлүгү.
Көрсөтүлгөн статусту ыйгаруу менен «Мекен-карт» документи берилет, анын жарактуу мөөнөтү 10 жыл.
Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусу жаппы жана жөкөкөйлөтүлгөн тартипте берилет. Эгерде чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан учурдан тартып алты ай өтө элек болсо, жөнөкөйлөтүлгөн тартипте берүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу.
Чет өлкөнүн жарандыгын алган мекендеш статусун берүү үчүн жалпы тартипте зарыл болгон документтердин тизмеги:
1) мурда Кыргыз Республикасынын жараны болгон чет өлкөлүк жарандар үчүн: – АМС аркылуу таризделген өтүнүч;
– чет өлкөлүк жарандын паспорту;
– чет өлкөлүк жарандын ал жаран болуп саналган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
– Мекен-картты тариздөөгө, даярдоого жана берүүгө төлөнгөндүгүн ырастаган квитанция;
– консулдук жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине өтүнүч берген учурда);
– Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулгандыгын ырастаган документ (Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде маалымат жок болгон учурда талап кылынат).
2) алгач Кыргыз Республикасынын жарандары болгондугуна карабастан, мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн: – АМС аркылуу таризделген өтүнүч;
– чет өлкөлүк жарандын паспорту;
– чет өлкөлүк жарандын ал жаран болуп саналган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
– Мекен-картты тариздөөгө, даярдоого жана берүүгө төлөнгөндүгүн ырастаган квитанция;
– консулдук жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине өтүнүч берген учурда);
– туугандык байланыштарын ырастаган документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк, туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда – жеке маалыматтардын өзгөргөндүгүн ырастаган документтер).
3) алгач Кыргыз Республикасынын жарандары болгондугуна карабастан, Кыргыз Республикасынын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн: – АМС аркылуу таризделген өтүнүч;
– чет өлкөлүк жарандын паспорту;
– чет өлкөлүк жарандын ал жаран болуп саналган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
– Мекен-картты тариздөөгө, даярдоого жана берүүгө төлөнгөндүгүн ырастаган квитанция;
– консулдук жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине өтүнүч берген учурда);
– туугандык байланыштарын ырастаган документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда – жеке маалыматтардын өзгөргөндүгүн ырастаган документтер);
– Кыргыз Республикасынын жаранынын (атасынын же энесинин, чоң атасынын же чоң энесинин) паспорту жана анын көчүрмөсү.
4) Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле алардын балдары жана неберелери үчүн: – АМС аркылуу таризделген өтүнүч;
– чет өлкөлүк жарандын паспорту;
– чет өлкөлүк жарандын ал жаран болуп саналган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
– Мекен-картты тариздөөгө, даярдоого жана берүүгө төлөнгөндүгүн ырастаган квитанция;
– консулдук жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине өтүнүч берген учурда);
– Кыргыз ССРинин аймагында берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана анын көчүрмөсү;
– Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандардын балдары же неберелери үчүн алардын туугандык байланыштарын ырастаган документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү же туулгандыгы тууралуу документ).
Чет өлкөнүн жарандыгын алган мекендеш статусун берүү үчүн талап кылынган документтердин тизмеги:
– АМС аркылуу таризделген өтүнүч;
– чет өлкөлүк жарандын паспорту;
– чет өлкөлүк жарандын ал жаран болуп саналган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
– Мекен-картты тариздөөгө, даярдоого жана берүүгө төлөгөндүгүн ырастаган квитанция;
– консулдук жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине өтүнүч берген учурда).
Чет мамлекеттердин аймагында таризделген расмий документтердин көчүрмөлөрү, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, белгиленген тартипте консулдук легалдаштырылууга же апостиль коюлууга тийиш.
Чет тилинде түзүлгөн документтер мамлекеттик же расмий тилине которулууга тийиш жана нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек.
Эгерде өтүнүч берилген күнү ким экендигин жана жарандыгын ырастаган документтердин жарактуулук мөөнөтү 6 айдан кем болсо, чет өлкөнүн жарандарынын өтүнүчтөрү кароого кабыл алынбайт.
Кошумча суроолор болсо, 119 суроо кызматына (Кыргызстандын аймагында) же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине кайрылсаңыз болот (байланыштар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында көрсөтүлгөн mfa.gov.kg).
Возможно, это изображение текст
Пайдалуу
Ссылкалар