Экспертизалоого жиберүүнүн тартиби

Жаранды экспертизалоого саламаттык сактоо уюму керектүү диагностикалык, функциялык изилдөөлөрдү колдонуу менен ар тараптан толук медициналык текшерүүдөн кийин оорулар, травмалардын кесепеттери жана дефекттер менен шартталган организмдин функцияларынын туруктуу бузулушу жөнүндө күбөлөгөн маалыматтар болгон учурда жиберет. Саламаттык сактоо уюмдарында медициналык (стационардык же амбулатордук) текшерүү жүргүзүүнү саламаттык сактоо уюмундагы дарылоочу врач медициналык көрсөткүчтөр боюнча аныктайт жана чечет.

 Саламаттык сактоо уюмунун МСЭКке жолдомосу Форма 88/у, бул формада  органдардын жана системалардын функцияларынын бузулуу даражасын чагылдырган жарандын ден соолугунун абалы жөнүндө маалыматтар, ошондой эле жүргүзүлгөн дарылоо жана реабилитациялоо иш-чараларынын натыйжалары көрсөтүлөт.

 18 жаштан өткөн жарандар күбөлөндүрүүгө убактылуу жумушка жарамсыз болгон күндөн баштап 4 айдан (120 күн) эрте эмес же убактылуу жумушка жарамсыз болгон күндөн баштап тыныгуу менен 5 айдан (150 күн) эрте эмес убакытта, жалпысынан алганда акыркы 12 айдын ичинде (бир эле оору же ага тектеш оору менен ооруган учурда) жөнөтүлөт.

 Кургак учук диагнозу жана анын кайталанышы менен жарандар убактылуу жумушка жарамсыз болгон күндөн баштап формасына, оордугуна, процесстин жайылгандыгына жана клиникалык болжолуна жараша 6 айдан эрте эмес (180 күн) же акыркы 12 айдын ичинде жалпысынан алганда 10 айдан кеч эмес (300 күн) мөөнөттө экспертизага жиберилишет.

 Иштебеген жарандар экспертизалоого жалпы негизде жөнөтүлүшөт.

           Клиникалык жана эмгектик прогноз жакшы болуп, жүргүзүлүп жаткан дарылоо натыйжалуу болгон учурда, убактылуу эмгекке жарамсыздык келип чыккан күндөн тартып төрт айдан кийин жаранды экспертизадан өткөрүүдө, МСЭКтин чечими менен эмгекке жарамсыздык баракчасы эмгекке жарамдуулугу толук калыбына келгенге чейин, жалпы узактыгы жумушка убактылуу жарамсыз болгон күндөн баштап 8 айдан ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.

 Айрым учурларда (травма, реконструктивдүү операциядан кийинки абал) 8 айдан кийин кайталап күбөлөндүрүү учурунда эмгекке жарамсыздык баракчасы МСЭКтин чечими менен 12 айга чейин узартылышы мүмкүн.

 МСЭКке мындан эрте жөнөтүүгө тиричилик аракетинин чектелишинин даражасы менен оорулуунун эмгекке жарамсыздыгынын туруктуу белгилери келип чыккандыгы талашсыз болгон учурларда жол берилет. Тиричилик аракеттеринин чектелүүсүнүн туруктуу белгилери бардыгы талашсыз экендигин саламаттык сактоо уюмунун дарылоочу дарыгери врачтык консультациялык комиссия (мындан ары-ВКК) аркылуу тиричилик аракеттеринин кескин көрүнүп турган чектелүү даражасында (терминалдык стадиядагы бейтаптарда) аныктайт.

 Балага “ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бала” категориясын тиричилик аракетинин чектелүүсүнүн оордук даражасын аныктоо менен белгилөө жөнүндө маселе балада тиричилик аракетинин туруктуу чектелүүсүнүн белгилери орун алгандыгы талашсыз болгон учурларды кошпогондо, төрт айдан кем эмес зарыл комплекстүү дарылоону жүргүзгөндөн кийин чечилет.

 Саламаттык сактоо уюмдары экспертизага жөнөтүүдөн баш тарткан учурда, жаран талап кылынган документтери болгондо МСЭКке өз алдынча кайрылышы мүмкүн (бейтаптын катталган жериндеги саламаттык сактоо уюмунун ҮМБ директорунун колу жана гербдүү мөөрү басылган жазуу жүзүндө себептерин көрсөтүү менен баш тартуу болгондо).

 Жолдомолордун экспертизага өз учурунда, негиздүү жөнөтүлүшүнө, ошондой эле жолдомодо көрсөтүлгөн маалыматтардын толуктугуна жана тактыгына саламаттык сактоо уюму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат

Пайдалуу
Ссылкалар