Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул

Сөөк коюуга жөлөкпул төмөнкү категориялардагы каза болгон жарандарга дайындалат:

  • иш берүүчү менен эмгек мамилесинде турган адамдын же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө;
  • жеке ишкердин же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө;
  • дыйкан чарбанын мүчөсүнө же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө;
  • расмий жумушсуздун же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө;
  • социалдык жөлөкпул алуучунун же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө;
  • жумушсуздун (иштебеген) адамдын же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө;

Жөлөкпул алуу үчүн

Арыз жана тиешелүү документтер менен каза болгон адамдын жашаган (катталган) жери боюнча райондук (шаардык) эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылуу керек.

Жөлөкпулду алуу үчүн негизги документтер:

  • сөөк коюуга жөлөкпул алуу жөнүндө арыз;

  •  арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсү;

  • каза болгондугу жөнүндө маалымкат (№ 8 форма);

  • каза болгон адамдын жана арыз берүүчүнүн акыркы жашаган жеринен маалымкат;

  • расымдык кызмат көрсөтүү агенттигинин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын (айыл өкмөт, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу, аймактык муниципалдык башкаруу, үй жана кварталдык комитеттер) арыз ээсинин фамилиясын, аты-жөнүн көрсөтүү менен сөөктү койгон фактыны тастыктаган маалымкаты;

Айрым категориядагы каза болгон адамдардын сөөгүн коюуга жөлөкпул төлөө үчүн жогоруда көрсөтүлгөн тизмеге кошумча төмөнкүлөр тиркелет:

  • жеке ишкердин же анын үй-бүлө мүчөсүнүн (багуусундагы адамдын)

– жеке ишкерди мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

– патенттин негизинде иштеген жактар үчүн патенттин көчүрмөсү.

  • дыйкан (фермер) чарбасынын мүчөсүнүн же анын үй-бүлө мүчөсүнө (багуудагы адамдын)

– жер үлүшүн/участогун пайдаланууга/ижарага алуу укугуна күбөлүктүн көчүрмөсү;

– юридикалык жакты түзбөгөн жеке ишкер, дыйкан чарба үчүн жеке ишкерди мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

– дыйкан чарбанын башчысынын дыйкан чарбага мүчө экендигин ырастаган маалымкаты.

  • Социалдык жөлөкпул алуучуга же анын үй-бүлө мүчөсүнө (багуудагы адамдын) – социалдык жөлөкпул алып жүргөндүгү жөнүндө маалымкат.
  • Расмий жумушсуз адамга же анын үй-бүлө мүчөсүнө (багуудагы адамдын) каза болгон жумушсуз же анын багуусундагы каза болгон учурга карата расмий жумушсуздун статусунда экенин ырастаган аймактык бөлүмдүн маалымкаты. 
  • Социалдык жөлөкпул алуучу же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү үчүн – социалдык жөлөкпул алгандыгы жөнүндө маалымкат.
  • КР чегинен тышкары жерде каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн – чет мамлекеттердин, анын ичинде КМШга катышкан мамлекеттердин тийиштүү органдары тарабынан берилген, КР чегинен сыртта жүргөн КР жаранынын каза болгондугу жөнүндө маалымкат.

Эгерде арыз ээсинде ар кандай негиздер боюнча жөлөкпул алууга укугу бар болсо

Бир нече негиздер боюнча сөөк коюуга жөлөкпул алууга укугу бар арыз ээлерине алардын тандоосу боюнча бирөө төлөнөт.

Жөлөкпул төмөнкүдөй өлчөмдө төлөнөт:

100% орточо айлык эмгек акы өлчөмүндө (7189 сом)- иштеген адам каза болгон учурда;

50% орточо айлык эмгек акы өлчөмүндө (3595 сом) каза болгон учуру боюнча:

– жеке ишкердин;

– дыйкан чарбанын мүчөсүнүн;

– расмий жумушсуздун;

– иштеген адамдын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн

– социалдык жөлөкпул алуучунун.

20% орточо айлык эмгек акы өлчөмүндө (1438 сом):

– жеке ишкердин багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;

– дыйкан чарбанын башчысынын же эрезеге жеткен мүчөсүнүн багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;

– расмий жумушсуздун багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;

– социалдык жөлөкпул алуучунун багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;

– жумушсуз адамга же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү.

Пайдалуу
Ссылкалар