Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө Усулдук көрсөтмөлөрдү жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө Усулдук көрсөтмөлөрдү бекитүү жөнүндө Токтом

Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө Усулдук көрсөтмөлөрдү жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө Усулдук көрсөтмөлөрдү бекитүү жөнүндө Токтом.

Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 15-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” № 530 токтомуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы №434 “Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун иш жүзүнө ашыруу максатында буйрук кылам:

  1. Бекитилсин:
  • “Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө Усулдук көрсөтмөлөр” 1 – тиркемеге ылайык;
  • “Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду чектөөгө арыз” формасы 2 – тиркемеге ылайык;
  • “Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду төлөө боюнча чыгымдардын ордун толтурууга юридикалык жактын өтүнмөсү” формасы 3 – тиркемеге ылайык;
  • “Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду төлөө боюнча чыгымдардын ордун толтурууга юридикалык жактын өтүнмөсүн каттоо журналы” формасы 4 – тиркемеге ылайык;
  • “Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду төлөө боюнча жеке жактардын арыздарын каттоо журналы” формасы 5 – тиркемеге ылайык;
  • “Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алуучулардын саны, орточо өлчөмү жана төлөнгөн суммасы жөнүндө маалыматтар” формасы 6 – тиркемеге ылайык;
  • “Алуучулардын категориясы боюнча кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алуучулардын саны жөнүндө маалыматтар” формасы 7 – тиркемеге ылайык;
  • “Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алуучулардын санынын 2019-жылдан тартып динамикасы” формасы 8 – тиркемеге ылайык;
  • “Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө Усулдук көрсөтмөлөр” 9 – тиркемеге ылайык;
  • “Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду чектөөгө арыз” формасы 10 – тиркемеге ылайык;
  • “Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду төлөө боюнча чыгымдардын ордун толтурууга юридикалык жактын өтүнмөсү” формасы 11 – тиркемеге ылайык;
  • “Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду төлөө боюнча чыгымдардын ордун толтурууга юридикалык жактын өтүнмөсүн каттоо журналы” формасы 12 – тиркемеге ылайык;
  • “Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду төлөө боюнча жеке жактардын арыздарын каттоо журналы” формасы 13 – тиркемеге ылайык;
  • “Расымдык (сөөк коюуга) алуучулардын саны, орточо өлчөмү жана төлөнгөн суммасы жөнүндө маалыматтар” формасы 14 – тиркемеге ылайык;
  • “Алуучулардын категориясы боюнча расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул алуучулардын саны жөнүндө маалыматтар” формасы 15 – тиркемеге ылайык;
  • “Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул алуучулардын санынын 2019-жылдан тартып динамикасы” формасы 16 – тиркемеге ылайык;
  • “Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жана расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдарды республикалык бюджеттен төлөө жана чыгымдардын ордун толтуруу үчүн муктаждыктын эсеби” формасы 17 – тиркемеге ылайык.
  1. Социалдык камсыз кылуу департаменти, Ички аудит бөлүмү, Маалыматтык технологиялар бөлүмү, райондук, шаардык, райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктары Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын “Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын “Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 “Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому жана ушул Усулдук көрсөтмөлөр менен убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды жана расымдык жөлөкпулдарды берүүнү камсыз кылган бул буйрукту жетекчиликке алсын жана ишке ашырууну камсыз кылсын.
  2. Социалдык камсыз кылуу департаменти:

1) кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды жана расымдык жөлөкпулдарды дайындоо маселесин тиркелген буйрукту эске алуу менен туруктуу негизде райондук, шаардык, райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына практикалык жана методикалык жардамды көрсөтсүн;

2) ушул буйруктун 1-пунктунун 17) пунктчасынан келип чыккан чараларды ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.

  1. Райондук, шаардык, райондор аралык эмгек жана социлдык өнүгүү башкармалыктарынын башчылары:

1) кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду жана расымдык жөлөкпулду берүүнү Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасы (мындан ары – СЖКМС) аркылуу ишке ашырсын;

2) кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду жана расымдык жөлөкпул жөнүндө калк арасында үзгүлтүксүз түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;

3) кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду, расымдык жөлөкпулду алууга укугу бар адамдарга тиешелүү документтерди тариздөөгө жардам көрсөтсүн.

  1. Райондук, шаардык, райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарынын башчыларына кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду, расымдык жөлөкпулду өз убагында жана туура чектөө жоопкерчилиги жүктөлсүн.
  2. Маалыматтык технологиялар бөлүмү:

1) СЖКМС кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду, расымдык жөлөкпулду берүү боюнча, ошондой эле кириш жана чыгыш маалыматтарын түзүү иштерин калыптандырсын;

2) мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын жана ички ведомстволорунун маалыматтык системаларын СЖКМТ аркылуу көмөк көрсөтсүн;

3) СЖКМС маалыматтарды “мамлекеттик кызматтардын электрондук порталы” сайтындагы маалыматтар менен интеграциялоо жана кайра иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылсын;

4) бул буйрук күчүнө киргенден кийин үч жумушчу күндүн ичинде буйрукту Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин веб-сайтына жана ftp-серверине жайгаштырууну камсыздасын;

5) Ушул буйруктун 1-пунктунун 17) пунктчасында көрсөтүлгөн форманы СЖКМТ аркылуу автоматтык калыптанууну камсыз кылсын.

  1. Үй-бүлөнү, балдарды колдоо жана мамлекеттик төлөмдөр башкармалыгы үч жумушчу күндүн ичинде:

1) бул буйрукту каттаган күндөн тартып расмий жарыялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жиберсин;

2) бул буйрукту расмий жарыяланган күндөн кийин буйруктун көчүрмөсүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдеринде, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, жарыяланган булагын көрсөтүү менен ченемдик укуктук актыларынын тизмесине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;

3) бул буйруктун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат катары жиберүүнү камсыздасын.

  1. Ушул буйрук расмий түрдө чыккандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде күчүнө кирет.
  2. Документтик камсыз кылуу жана административдик колдоо бөлүмү ушул буйрукту аткаруучуларга жеткирсин.

10. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары А.К. Солтонбековага жүктөлсүн.

Министр                                                            У. Кочкоров

Тиркеме 1 – Жүктөө

Тиркеме 2 – Жүктөө

Тиркеме 9 – Жүктөө

Тиркеме 10 – Жүктөө

Пайдалуу
Ссылкалар