Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул
Кимге кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул чектелет?
Иштеп жаткан аялдарга:
- иш берүүчү менен эмгек мамилелеринде тургандарга;
- жеке ишкерлерге;
- дыйкан чарбаларынын мүчөлөрүнө.
- Белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган, жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укуктуу аялдар.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул чектөө үчүн негиз болуп саналат:
Белгиленген тартипте саламаттык сактоо уюмдары тарабынан берилген эмгекке жарамсыздык баракчасы.
- Иш берүүчү менен эмгек мамилелеринде турган аялдарга – негизги иштеген жери боюнча;
- Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынан:
- – жеке ишкерлерге;
- – дыйкан чарбанын мүчөлөрүнө.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул аялга кандай мөөнөткө (календарлык күнгө) берилет:
- ойдогудай төрөттүн учурунда 126 календарлык күнгө (төрөткө чейин 70 жана төрөттөн кийин 56);
- татаал төрөт жана эки же андан ашык бала төрөлгөн учурда – 140 календарлык күнгө (төрөткө чейин 70 жана төрөттөн кийин 70).
Бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда иштеген аялдарга:
- ойдогудай төрөттүн учурунда 140 календарлык күнгө (төрөткө чейин 70 жана төрөттөн кийин 70);
- татаал төрөт учурунда – 156 календарлык күнгө (төрөткө чейин 70 жана төрөттөн кийин 86);
- эки же андан ашык бала төрөлгөн учурда – 180 календарлык күнгө (төрөткө чейин 70 жана төрөттөн кийин 110).
Кош бойлуулуктун 30-жумасына чейин төрөттө:
- тирүү бала туулган учурда жөлөкпул 140 календарлык күнгө (төрөткө чейин 70 жана төрөттөн кийин 70);
- бала өлүү туулганда же ал төрөттөн кийинки алгачкы жети күндүн ичинде чарчап калган учурда жөлөкпул болгону 70 календарлык күнгө берилет.
Үч айга чейинки курактагы баланы асырап алган учурда:
- 70 календарлык күнгө:
- бир эле учурда эки жана андан ашык баланы асырап алган учурда 110 календарлык күнгө берилет.
- Жөлөкпул асырап алган күндөн тартып калган 70 же 110 календарлык күнгө берилет.
Жөлөкпулдун өлчөму аныкталат:
- Иш берүүчү менен эмгек мамилелеринде турган аялдарга – алгачкы 10 жумушчу күн үчүн – эмгек акынын (кирешенин) 100% өлчөмүндө, 11- жумушчу күндөн тартып – айына 10 эсептик көрсөткүч (1000 сом) өлчөмүндө.
- Бийик тоолуу алыскы, жетүгө кыйын болгон зоналарда иштеген аялдарга – эмгек акынын (кирешенин) 100% өлчөмүндө.
- Жеке ишкерлерге, юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан чарба мүчөлөрүнө – 11 жумушчу күндөн тартып – айына 10 эсептик көрсөткүч (1000 сом) өлчөмүндө.
- Белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган, жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укуктуу аялдар – 11 жумушчу күндөн тартып – айына 10 эсептик көрсөткүч (1000 сом) өлчөмүндө.
- Ишке орноштуруу кызматында эсепте турбаган иштебеген адамдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул төлөнбөйт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин токтому менен бекитилген кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду эсептөөдө колдонулган эсептик көрсөткүч 100 сомду түзөт.
Жөлөкпулду каржылоо булактары:
– биринчи он иш күнү үчүн – иш берүүчүнүн өз каражатынын (кирешесинин) эсебинен;
– он биринчи иш күнүнөн тартып – республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен;
– жөлөкпулду төлөп берүү жана жеткирип берүү менен байланышкан чыгымдар – республикалык бюджеттен.