Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул

Кимге кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул чектелет?

Иштеп жаткан аялдарга:

  • иш берүүчү менен эмгек мамилелеринде тургандарга;
  • жеке ишкерлерге;
  • дыйкан чарбаларынын мүчөлөрүнө.
  • Белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган, жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укуктуу аялдар.

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул чектөө үчүн негиз болуп саналат:

Белгиленген тартипте саламаттык сактоо уюмдары тарабынан берилген эмгекке жарамсыздык баракчасы.

    • Иш берүүчү менен эмгек мамилелеринде турган аялдарга – негизги иштеген жери боюнча;
    • Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынан:
    • – жеке ишкерлерге;
    • – дыйкан чарбанын мүчөлөрүнө.
    – белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган, жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укуктуу аялдар.

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул аялга кандай мөөнөткө (календарлык күнгө) берилет:

  • ойдогудай төрөттүн учурунда 126 календарлык күнгө (төрөткө чейин 70 жана төрөттөн кийин 56);
  • татаал төрөт жана эки же андан ашык бала төрөлгөн учурда – 140 календарлык күнгө (төрөткө чейин 70 жана төрөттөн кийин 70).
  • Бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда иштеген аялдарга:

  • ойдогудай төрөттүн учурунда 140 календарлык күнгө (төрөткө чейин 70 жана төрөттөн кийин 70);
  • татаал төрөт учурунда – 156 календарлык күнгө (төрөткө чейин 70 жана төрөттөн кийин 86);
  • эки же андан ашык бала төрөлгөн учурда – 180 календарлык күнгө (төрөткө чейин 70 жана төрөттөн кийин 110).
  • Кош бойлуулуктун 30-жумасына чейин төрөттө: 

  • тирүү бала туулган учурда жөлөкпул 140 календарлык күнгө (төрөткө чейин 70 жана төрөттөн кийин 70);
  • бала өлүү туулганда же ал төрөттөн кийинки алгачкы жети күндүн ичинде чарчап калган учурда жөлөкпул болгону 70 календарлык күнгө берилет.

    Үч айга чейинки курактагы баланы асырап алган учурда: 

  • 70 календарлык күнгө:
  • бир эле учурда эки жана андан ашык баланы асырап алган учурда 110 календарлык күнгө берилет.
  • Жөлөкпул асырап алган күндөн тартып калган 70 же 110 календарлык күнгө берилет.

Жөлөкпулдун өлчөму аныкталат:

  • Иш берүүчү менен эмгек мамилелеринде турган аялдарга – алгачкы 10 жумушчу күн үчүн – эмгек акынын (кирешенин) 100% өлчөмүндө, 11- жумушчу күндөн тартып – айына 10 эсептик көрсөткүч (1000 сом) өлчөмүндө.
  • Бийик тоолуу алыскы, жетүгө кыйын болгон зоналарда иштеген аялдарга – эмгек акынын (кирешенин) 100% өлчөмүндө.
  • Жеке ишкерлерге, юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан чарба мүчөлөрүнө – 11 жумушчу күндөн тартып – айына 10 эсептик көрсөткүч (1000 сом) өлчөмүндө.
  • Белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган, жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укуктуу аялдар – 11 жумушчу күндөн тартып – айына 10 эсептик көрсөткүч (1000 сом) өлчөмүндө.
  • Ишке орноштуруу кызматында эсепте турбаган иштебеген адамдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул төлөнбөйт.
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин токтому менен бекитилген кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду эсептөөдө колдонулган  эсептик көрсөткүч 100 сомду түзөт.

Жөлөкпулду каржылоо булактары:

– биринчи он иш күнү үчүн – иш берүүчүнүн өз каражатынын (кирешесинин) эсебинен;

– он биринчи иш күнүнөн тартып – республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен;

– жөлөкпулду төлөп берүү жана жеткирип берүү менен байланышкан чыгымдар – республикалык бюджеттен.

Пайдалуу
Ссылкалар