Министр
Сагынбаев Канат Латипжанович
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри
1980-жылдын 26-январында Бишкек шаарында төрөлгөн.
Билими жогорку:
- 2000-ж. — Борбор Азиядагы Америкалык университет (АУЦА);
- 2014-ж. — Ж. Баласагын атындагы КУУнун Эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институту, адистиги — «эл аралык мамилелер».
Кыргыз, орус, англис тилдерин билет.
Эмгек жолу:
- 2015–2016-жж. — Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги (Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, Жыйынтыктоо-аналитикалык бөлүм), жетектөөчү адис;
- 2016–2018-жж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы (Кадрдык камсыздоо жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү, Кайрылмандар менен иштөө бөлүмү, Чет элдик жарандар менен иштөө бөлүмү), башкы адис;
- 2018–2020-жж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты (Социалдык өнүктүрүү бөлүмү; Курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмү), эксперт;
- 2020-ж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы, миграциялык саясат бөлүмү, бөлүм башчы;
- 2021-ж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, курулуш, транспорт, жолдор жана коммуникациялар бөлүмү, бөлүм башчынын орун басары;
- 2021-ж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, курулуш, транспорт, жолдор жана коммуникациялар бөлүмү, бөлүм башчы;
- 2021–2022-жж. — Бишкек шаардык мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу башкармалыгы, начальник;
- 2022–2023-жж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмү, эксперт;
- 2023-ж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, региондорду өнүктүрүү сектору, эксперт;
- 2024-ж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмү, бөлүм башчы – башкармалыктын орун басары;
- 2024–2025-жж. — Бишкек шаардык мэриясы, аппарат жетекчиси;
- 2025-жылдын 4-сентябрынан тартып — Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри.
Класстык чиндери: МКнын 3-класстагы кеңешчиси, МЖКнын 3-класстагы кеңешчиси, МЖКнын 3-класстагы инспектору.
Сыйлыктары: Кыргыз Республикасынын Президентинен ыраазычылык (2023), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы (2021), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын ыраазычылыгы (2021), «Кынтыксыз кызмат үчүн» төш белгиси (2017).
2019-02-22














