Министрлик

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2021-жылдын 15-ноябры № 252

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө” Жарлыгын жүзөгө ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

  1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

– Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

– Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.

  1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызмат түзүлсүн.
  2. Төмөнкүлөр кайра аталсын:

– Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Маалыматтык-консультациялык борбор Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору болуп;

– Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаменти Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаменти болуп;

– Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин “Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси” мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу “Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси” мамлекеттик мекемеси болуп;

– Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борбору Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борбору болуп;

– Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы “Балдар үчүн ишеним телефону” борбору” мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу “Балдар үчүн ишеним телефону” борбору” мамлекеттик мекемеси болуп;

– Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы “Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду” мекемеси Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу “Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду” мекемеси болуп;

– Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борбору болуп.

  1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин борбордук аппаратын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүн, мекемелерин күтүүгө чыгымдарды каржылоонун булагы республикалык бюджет жана Кыргыз Республикасымын бюджеттик мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар болуп санала тургандыгы аныкталсын.
  2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, эмгек, социалдык камсыздоо, гендердик теңчилик жана миграция маселелерине тиешелүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаментинин укук улантуучусу болуп санала тургандыгы белгиленсин.
  3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги белгиленген тартипте:

– Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын тийиштүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматка өткөрүп берсин;

– өзүнүн чечимдерин бул токтомго ылайык келтирсин;

– бул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

  1. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
  2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин башкаруу
СХЕМАСЫ

Пайдалуу
Ссылкалар