Жумушсуз жарандарды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу
Аткаруу жол-жоболорун өткөрүүнүн тартиби:
Сиздин кийинки кадамыныз?
Тейлөө акысыз көрсөтүлөт
Кызмат алуу үчүн мөөнөт:
Расмий жумушсуздарды жана жумуш издеген жарандарды окутуу мөөнөтү алардын кесиптик деңгээлин, өндүрүштүк тажрыйбасын, кесипти өздөштүрүү тажрыйбасын эске алуу менен, бирок 5 айдан ашпаган мөөнөткө, ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү менен макулдашуу аркылуу окутууну өз базасында ишке ашырып жаткан билим берүү уюмдары тарабынан белгиленет.
Кызмат алуу үчүн зарыл документтер:
- Жумушсуз катары каттоо
- Кесиптик окутуу үчүн жолдомо
- Паспорт
Кызмат берилет:
Иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү башкармалыгы
Кызматты кантип алса болот?
Жеке
Наркы жана төлөө ыкмасы
Кызмат акысыз көрсөтүлөт
Стипендия алуунун тартиби жана төлөп берүүнүн шарттары
- Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүнүн жолдомосу боюнча кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу мезгилинде жумушсуз жарандарга стипендия төлөнөт.
Чек менен окуткан учурда окутууга стипендия төлөө каралбайт.
- Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү окутулуп жаткан жактын жетишкендиктери жана катышуусу жөнүндө өз убагында (көрсөтүлгөн мөөнөттөн 5 күндөн кечиктирбестен) берилген маалымдардын (билим берүү уюмдары) негизинде ай сайын стипендия эсептейт жана төлөп берет.
- Стипендия төлөө төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
– окутуу мөөнөтү аяктаганда;
– окутулуп жаткан жаран окуган жеринен чыгарылганда;
– окутулуп жаткан жак окуусун өз алдынча токтоткондо.
Алуучулардын категориялары
Калкты жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүнүштөрүндө (мындан ары – ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү) расмий жумушсуз жана жумуш издеген жаран катары катталган адамдар кесиптик даярдоого, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга жиберилет, эгерде аларга:
– кесиптик квалификациясынын төмөндүгүнөн же кандайдыр бир адистиги жоктугунан улам ылайыктуу жумуш таап берүү мүмкүн болбосо;
– мурунку кесибине ылайык келген жумуштун жоктугуна байланыштуу адистигин өзгөртүү зарылдыгы келип чыкса;
– мурунку кесиби (адистиги) боюнча жумуш аткаруу жөндөмдүүлүгү жоголсо.
Кызмат менен камсыз кылуунун натыйжасы
Кыска мөөнөттүү курстарды өтүү;
Квалификация боюнча сертификат алуу.