Жумушсуздук боюнча жөлөкпул төлөөнүн шарттары, тартиби жана мөөнөттөрү

Аткаруу жол-жоболорун өткөрүүнүн тартиби:

Сиздин кийинки кадамыныз?

Тейлөө акысыз көрсөтүлөт

Кызмат алуу үчүн мөөнөт:  

  1. Жумушсуздук боюнча биринчи жөлөкпулду төлөө расмий жумуш издеген жаранды расмий жумушсуз деп тааныгандан кийин бир жүргүзүлөт жана андан ары айына бир жолудан кем эмес төлөнүп берилет.
  2. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган, ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүнө кайрылаардын алдында акыркы 3 жыл ичинде 12 айдан кем эмес эмгек стажы бар, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которулган камсыздандыруу төлөмдөрү тастыкталган жарандарга төлөнүп берилет.
  3. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул расмий жумушсузга Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан жеке камсыздандыруу эсебинин көчүрмөсү берилгенде чектелет.
  4. 4. Расмий жумушсуз ишке орноштурууга активдүү көмөктөшүүгө жана ай сайын ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүнө жумуш издөө жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү.
Кызматы алуу үчүн зарыл документтер:
  • паспорт;

  • эмгек китепчесин же анын дубликатын;

  • жумуш издөө жөнүндө маалымат

Кызмат берилет:

Иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү башкармалыгы

Кызматты кантип алса болот?

Жеке

Наркы жана төлөө ыкмасы

Кызмат акысыз көрсөтүлөт

Кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү

Жумушсуздук боюнча жөлөкпул 3 жылдын ичинде, бирок 12 айдан ашпаган мезгилде ай сайын төлөнөт.

Алуучулардын категориялары

  1. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда камсыздандыруучу төгүмдөрдүн чегерилгендигин ырастаган жеке камсыздандыруучу эсебинен көчүрмө берилгенде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылуунун алдында акыркы 3 жылдын ичинде 12 айдан кем эмес үзгүлтүксүз камсыздандыруучу стажы болсо, расмий жумушсуздугу белгиленген тартипте таанылган жаранга төлөнүп берилет.
  2. Биринчи жолу жумуш издеп жүргөн, ошондой эле узак (эки жылдан ашык) тыныгуудан кийин эмгек ишмердигин кайрадан жаңыртууну каалаган жарандарды кошпогондо, жумушсуздук боюнча жөлөкпул жаранга аны расмий жумушсуз катары каттаган датадан тартып 11-күндөн баштап дайындалат.
  3. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте иш стажына карата пайыздык катышта белгиленет.
  4. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулду дайындоо тууралуу чечим жаранды жумушсуз деп таануу тууралуу чечим менен бир мезгилде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат. Расмий жумушсузга жумушсуздук боюнча жөлөкпул аны расмий жумушсуз деп тааныган биринчи күндөн тартып эсептелет.
  5. Уюмдун жоюлушуна, уюмдун кызматкерлеринин санынын же штатынын кыскарышына же болбосо жеке ишкер катары ишин токтотушуна байланыштуу бошотулган, белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган, бирок акыркы иштеген жериндеги орточо эмгек акы төлөмү (бошонуу жөлөкпулун эсепке алуу менен) сакталган жумушка орноштурула элек мезгилде жарандарга жумушсуздук боюнча жөлөкпул белгиленген мезгил аяктагандан кийин биринчи күндөн тартып эсептелет.
  6. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул 3 жылдын ичинде, бирок 12 айдан ашпаган мезгилде ай сайын төлөнөт.

 Кызмат менен камсыз кылуунун натыйжасы

Жумушсуздук боюнча жөлөкпул алуу

Пайдалуу
Ссылкалар