Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик соцзаказдын алкагында коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууну баалоо жана мониторингдөө боюнча отчёттун презентациясы болуп өттү

2020-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин отурумдар залында Министрликтин Коомдук кеӊешинин мүчөлөрү үчүн 2018-2019-жылдарда Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик социалдык заказдын алкагында коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууну баалоо жана мониторингдөө боюнча отчёттун презентациясы болуп өттү.

Презентацияга министр У.Кочкоров, статс-катчы К.Адиев, министрдин орун басары К.Токтосартов, борбордук аппараттын түзүмдүк башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле көз карандысыз эксперттер катышты.

Бул иш-чаранын алкагында Министрликтин коомдук кеӊешинин мүчөлөрүнө жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруунун учурдагы абалын талкуулоого мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Ошондой эле бардык катышуучулар мамлекеттик социалдык заказды алдыга жылдыруу жана мындан ары ишке ашыруу калктын аярлуу катмарына социалдык кызматтарды көрсөтүүнүн артыкчылыктуу багыты болуп саналарын билдиришти.

Министр, ошондой эле жеринде коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууда жергиликтүү өз алданча башкаруу органдарынын, социалдык өнүктүрүүнүн аймактык башкармалыктарынын жана коммерциялык эмес уюмдардын өз ара аракеттенүүлөрүн күчөтүү зарыл экендигин белгиледи. Коомдук кеӊештин мүчөлөрүн  конкурстун негизинде социалдык долбоорлорду тандап алууну жана аларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга активдүү катышууга чакырды.

Мамлекеттик социалдык заказ тууралуу бардык маалыматтар Министрликтин сайтына жайгаштырылып, бардык колдонуучулар үчүн жеткиликтүү.

Министрликтин расмий сайтынын – https://mlsp.gov.kg “Мамлекеттик социалдык заказ” бөлүгүндө төмөнкүлөр жайгаштырылган:

– 2018-2019-жылдарда Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик социалдык заказдын алкагында коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууну баалоо жана мониторингдөө боюнча отчёт;

– 2018-2019-жылдарда мамлекеттик социалдык заказдын алкагында ишке ашырылган коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууну баалоо боюнча отчёт.

 

Пайдалуу
Ссылкалар