Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү!
Кыргыз эли канча кылымдар бою улууларга терең урмат-сый менен мамиле кылып келген. Ар бирибиздин жүрөгүбүздө сиздердин муун тарабынан жараткан бардык нерселер үчүн ыраазычылык жашайт. Өлкөбүздүн түптөлүшүнө кошкон салымыңыз баа жеткис.
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” биринчи Жарлыгы менен руханий-адептик жана маданий баалуулуктарга негизделген жаңы коомдук түзүлүштү куруунун багыттарын белгилеген. Бул принциптер келечектеги кайра түзүүлөрдүн негизи болот.
Жарандардын, өзгөчө улуу жана жаш муундардын руханий-адеп-ахлактык абалына кам көрүү дайыма көңүл бурууну талап кылаарын эстен чыгарбоо зарыл. Жаштардын чыгармачылыгын колдоо, сергек жашоо образын жайылтуу жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө, бул процесстин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Улгайган жарандарды социалдык жактан коргоону камсыз кылуу үчүн өлкөдө жыл сайын социалдык пенсияга кошумча пенсиялар индексацияланып турат, пенсиялык топтоо фондуна инвестициялоо мүмкүнчүлүгү бар, социалдык төлөмдөрдүн көлөмү, ошондой эле улгайган жарандардын социалдык мекемелерде жана үйдө тейлөө шарттары жакшыртылды.
Азыркы учурда, 2019-2025-жылдарга улгайган жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча иш-чаралар планы активдүү ишке ашырылууда.
Мамлекет тарабынан учурда келечек муундарына жана улуу муундун өкүлдөрүнө өзгөчө көңүл бурууну талап кылган активдүү карылык саясатын жана социалдык кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүү маанилүү.
Кыргызстандын баа жеткис байлыгы – элибиздин руханий дөөлөттөрүн, улуттук баалуулуктарын, ыйык касиеттерин сактап, өсүп келе жаткан муунга өткөрүп берип жатканыңыздар.
Аксакалдарыбыздын акылман сөздөрү, ой-пикирлери келечекке бара жаткан жолдун шам чырагы.
Баарыңыздарга чың ден соолук, узун өмүр, бакубатчылык, оптимизм жана бардык жакшылыктарды каалайм.
Ал эми улуу муунга камкордук менен мамиле кылуу ар бирибиздин күнүмдүк милдетибиз болуп калсын.

Урматым менен, министр Ж.А.Полотова

Денежные средства поступившие от спонсоров

Денежные компенсации
Уй булого комок
Ежемесячное социальное пособия
Оба родителя которых неизвестны
ЖЕКЕ АССИСТЕНТ
Пайдалуу
Ссылкалар