Тренерлерди тандоо жөнүндө жарыя

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду ЮНИСЕФ менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 29-январындагы № 23 Жарлыгын аткаруунун алкагында социалдык кызматкерлерди окутуу үчүн тренерлерди тандоону жарыялайт.

Талаптар:
тренингдерди өткөрүү боюнча кеминде 2 жылдык тажрыйбасынын болушу, кыргыз жана орус тилдерин эркин билүүсү, тренерлерди даярдоо боюнча окуудан өткөндүгүн тастыктаган сертификатынын болушу. Социалдык чөйрөдө иш тажрыйбасы жана социалдык кызматкерлер үчүн тренингдерди өткөрүү тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат.

Иштин форматы: Кыргыз Республикасынын региондорунда оффлайн формата окутуулар.

Кесипкөй жана жоопкерчиликтүү адистер катышууга чакырылат.

Кызыккан талапкерлер өз резюмелерин жана талап кылынган документтерди 2026-жылдын 20-январына чейин төмөнкү электрондук даректерге жөнөтүшү керек: t.suynbaeva@mlsp.kg, nsubanalieva@unicef.org

Техникалык тапшырма – жүктөө

Пайдалуу
Ссылкалар