Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги Эл аралык эмгек күнүнө утурлай ишембиликке чыкты
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери өлкөлүк экологиялык акцияга катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бактын тротуарлары, газондору жана арык тармактары таштандылардан тазаланды, Ушундай эле экологиялык иш-чаралар бүгүнкү күндө бардык аймактык башкармалыктар жана ведомстволук бөлүмдөр тарабынан уюштурулду.














