Кадамжай районунда ур токмокко алынган жашы жете элек бала тууралуу болгон окуя боюнча Эмгек министрлиги тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат
2021-жылы туулган жашы жете элек А.Х.Б. апасы тарабынан зомбулук көрсөтүлүп, сабалгандыгы тууралуу маалымат интернет булактарына чыккан. Аталган маалымат боюнча райондук ички иштер бөлүмүнө 27.01.2023-жылы иш катталып, тергөөгө чейин текшерүү иштери башталып, текшерүү учурунда төмөнкүлөр аныкталды. М.Шнын үч жаш өспүрүм баласы бар. Жаш өспүрүмдүн ата-энеси өз ара пикир келишпестиктин айынан 2023-жылдын 5-январында өзүнүн уюлдук телефону аркылуу […]














