6 ай ичинде 2022-жылы Нарын облусунун Жумгал районуна социалдык камсыздоого 80 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Нарын облусунун Жумгал районунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. “Чаек айылында биздин министрлик эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте “социалдык контракт” пилоттук долбоорун ишке ашырды, анын алкагында 50 муктаж үй-бүлө өз ишин баштоого 100 миң сомдон алышты. Бул инвестициялар натыйжалуу болгонун көрүп жатабыз. Биз мындай долбоорлорду […]














