Жылдыз Полотова назначена министром труда, социального обеспечения и миграции

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ, согласно которому Полотова Жылдыз Арстанбековна назначена министром труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики, и освобождена от исполнения ранее возложенных обязанностей.

Далее..... Жылдыз Полотова назначена министром труда, социального обеспечения и миграции

Жылдыз Полотова Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Полотова Жылдыз Арстанбековна мурда жүктөлгөн милдетин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды.

Далее..... Жылдыз Полотова Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды

Эмгек министрлиги: Бир жылда 16 миң үй-бүлө аз камсыз болгон категориядан чыкты

  Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин быйылкы май жана өткөн жылдын ушул маалындагы көрсөткүчтөрүнөн байкаса болот. Алсак, өткөн жылдын май айында 323,7 миң 16 жашка чейинки балдарга же 97,5 миң муктаж үй-бүлөгө ай сайын берилүүчү «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулу алынган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын май айында бул жөлөк пул 278,8 миң балага же […]

Далее..... Эмгек министрлиги: Бир жылда 16 миң үй-бүлө аз камсыз болгон категориядан чыкты

Эмгек министринин биринчи орун басары турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар менен жолугушту

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова Бүткүл дүйнөлүк балдар эмгегине каршы күрөшүү күнүнө арналган семинарга катышты. Семинар турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар, «Гүлзар» балдар борборунун жана интернат тибиндеги балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү үчүн уюштурулду. Өспүрүмдөр менен жаштарга билим алуунун жана мыйзамдуу түрдө ишке орношуунун маанилүүлүгү, кесипти өз кызыкчылыктарына карап тандоо зарылчылыгы, […]

Далее..... Эмгек министринин биринчи орун басары турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар менен жолугушту

Эмгек министрлигинин кызматкерлери Балдарды коргоо борборуна барышты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери балдарды коргоо борборунда уюштурулган Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө арналган иш-чарага катышышты. Балдар үчүн “Кесип тандоонун маанилүүлүгү” деген интерактивдүү семинар уюштурулуп, ата-энелерге оор эмгектин зыяндуулугу жөнүндө лекция окулду. Министрлик боюнча өспүрүмдөргө жана жаштарга кесипти туура тандоого жардам берүү үчүн чоң иштер жүргүзүлүүдө.

Далее..... Эмгек министрлигинин кызматкерлери Балдарды коргоо борборуна барышты

Эмгек министринин орун басары Мамат уулу Чынгызбек Кытайдын адам капиталын өнүктүрүү боюнча тажрыйбасын изилдөөнү сунуштады

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мамат уулу Чынгызбектин КЭР Адам ресурстары жана социалдык камсыздоо министринин орун басары Юй Цзядун менен жолугушуусунда айтылды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун келечегин талкуулап, өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту. “Бул меморандум биздин мамилелерди чыңдоо жана эмгек ишмердиги жана социалдык коргоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү үчүн […]

Далее..... Эмгек министринин орун басары Мамат уулу Чынгызбек Кытайдын адам капиталын өнүктүрүү боюнча тажрыйбасын изилдөөнү сунуштады

Эмгек министринин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова: Кыргызстанда балдар эмгектин эң начар түрлөрүнө тартылуудан корголот

Балдар эмгегине каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган “Балдар эмгеги: социалдык-экономикалык саясаттагы көйгөйлөр жана чечүү жолдору” аттуу иш-чарага Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова катышты. Бул тууралуу Министрликтин басма сөз кызматы билдирет. Анын айтымында, балдардын укуктарын коргоо 1992-жылы ратификацияланган Эмгекке орношуу үчүн минималдуу жаш курагы боюнча Эл аралык эмгек уюмунун […]

Далее..... Эмгек министринин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова: Кыргызстанда балдар эмгектин эң начар түрлөрүнө тартылуудан корголот

Эмгек министрлиги: Өспүрүмдөр күнүнө канча саат иштей алышат?

  Жайкы каникулдун башталышына байланыштуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өспүрүмдөр күнүнө канча саат иштей аларын маалымдайт. Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык, 16 жашка толгон адамдар иштей алышат. Бирок өзгөчө учурларда уюмдун кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органынын же эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен 15 жаштагы өспүрүмдөрдү жумушка орноштурууга болот. 14 жашка толгон окуучулар […]

Далее..... Эмгек министрлиги: Өспүрүмдөр күнүнө канча саат иштей алышат?

Эмгек министрлиги: 2024-жылдын I кварталында иштеп жаткан балдарды аныктоо боюнча 269 рейддик иш-чара өткөрүлдү

  Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн маалыматтарына ылайык, 2024-жылдын I –кварталында иштеп жаткан балдарды аныктоо боюнча 269 рейддик иш-чаралар жүргүзүлгөн. Мындай үзгүлтүксүз текшерүү жана рейддер ишканаларда, айрыкча айыл чарба жана соода, тамак-аш тейлөө секторлорунда жүргүзүлөт, ал жерде балдар эмгегин пайдалануу учурлары көп кездешет. Турмуштук оор кырдаалга туш болгон ар бир […]

Далее..... Эмгек министрлиги: 2024-жылдын I кварталында иштеп жаткан балдарды аныктоо боюнча 269 рейддик иш-чара өткөрүлдү

Эмгек министрлиги гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча аймактык консультацияларды улантууда

Бүгүн, 8-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Ысык-Көл облусунда гендердик теңчилик боюнча аймактык консультациялардын кезектеги жыйынын уюштурду. Бул тууралуу Министрликтин басма сөз кызматы билдирет. Эмгек министринин м.а.Жылдыз Полотова видеоконференция аркылуу байланышып, “Эркектер менен аялдардын бирдей укуктарынын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун биргелешип иштеп чыгуу боюнча консультациялар жүрүп […]

Далее..... Эмгек министрлиги гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча аймактык консультацияларды улантууда
Пайдалуу
Ссылкалар