Эмгек министри Гүлнара Баатырова мектеп окуучуларына кыялын айтып берди
Бүгүн, 2-ноябрда, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова тогузунчу класстын окуучулары менен кесипке багыт берүүнүн жана өз кесибин аң-сезимдүү тандоонун маанилүүлүгүн талкуулады. Жолугушуу Бишкектеги кесиптик багыт берүү борборунда өттү. Министрдин айтымында, ал бала кезинен эле дарыгер болууну кыялданып, өз максатына өжөрлөнүп келген. «Бала кезимде ак халат кийип, күзгүдөн өзүмдү карачумун. Максатыңызга аң-сезимдүү жана […]