Эмгек министрлиги: 944 социалдык кызматкер 8,8 миңден ашуун адамды үйүндө тейлейт
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы шаардык, райондук, райондор аралык башкармалыктарда 944 социалдык кызматкер эмгектенерин билдирди. Социалдык кызматкерлер жалгыз жашаган улгайган жарандарды, өзүн-өзү камсыз кылуу жана ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгүнүн чектелгендигинен улам өз алдынча жүрүү мүмкүнчүлүгүн жарым-жартылай жоготкон жарандарды, үй-бүлөлүү жубайларды, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү, үйүндө майыптыгы бар адамдарды үйүнө барып тейлешет. […]