Эмгек министрлиги: Жыл башынан бери 97 адам чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш макамына ээ болду
Өткөн жылдын март айынан тарта Кыргызстандын мурдагы жарандары, алардын балдары жана неберелери мекендеш макамын алууга арыз берүүгө укуктуу. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Бул “Мекен-карт” документи Кыргызстандын аймагына тоскоолдуксуз кирүүнү жана калууну, билим берүү жана медицина кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн, уруксат берүүчү документтерди жол-жоболоштурбастан эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жана башка […]