Кыргыз Республикасынын Эмгек министрлиги жашы жете электерди сүрөткө жана видеого тартуу эрежелерин эскертет
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары, өспүрүмдөрдү сүрөткө жана видеого тартууда, анын ичинде шайлоо алдындагы иш-чараларда жана үгүт кампанияларында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген нормаларды так сактоо зарылдыгын эскертет. Учурдагы мыйзамдардын талаптарына ылайык, өспүрүмдөр сүрөткө же видеого тартылышы алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн […]














