Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги: Жыл башынан бери кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул 26 498 аялга төлөндү
2024-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен тегиз жерлерде иштеген аялдар үчүн 11-иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү көбөйтүлдү. Жөлөкпулдун өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 10дон 20га чейин көбөйдү, бул 100% га (1000 сомдон 2000 сомго чейин) жогорулатууга туура келет. Ал эми, жөлөкпулдун орточо өлчөмү жогорулаганга чейин 3600 сом болсо, 2024-жылдын […]