Эмгек министрлигинин кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке катышты

  2026-жылдын 14-мартында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери, ошондой эле ведомстволук бөлүмдөрдүн кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке активдүү катышты. Экологиялык акциянын алкагында борбордук аппараттын кызматкерлери Махатма Ганди көчөсүнүн тилкесинде «Жаштар» паркында тазалоо иштерин жүргүзүштү. Ишембиликтин катышуучулары аймактарды таштандылардан тазалап, айлана-тегерегин иретке келтиришти. Ошол эле учурда өлкөнүн бардык аймактарында министрликтин аймактык […]

Далее..... Эмгек министрлигинин кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке катышты

Эмгек министри Канат Сагынбаев жарандарды кезектеги кабыл алууну өткөрдү

Бүгүн, 13-мартта Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев жарандарды кезектеги жеке кабыл алуусун өткөрдү. Кабыл алуунун жүрүшүндө жарандар министрге социалдык-эмгек маселелери боюнча бир катар кайрылууларын билдиришти. Анын ичинде бир жаран жумушка орношууга көмөк көрсөтүп берүүнү өтүндү. Министр министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмдөрү аркылуу жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн […]

Далее..... Эмгек министри Канат Сагынбаев жарандарды кезектеги кабыл алууну өткөрдү

Нью-Йоркто аялдардын укуктары үчүн кыймылдын ардагери Бубусара Рыскулова сыйланды

Нью-Йорк, март 2026-жыл. Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасында аялдардын укуктары үчүн кыймылдын пионерлеринин бири – «Сезим» кризистик борборунун негиздөөчүсү Бубусара Рыскулованы урматтоо аземи болуп өттү. Аялдардын укуктарын жана кадыр-баркын коргоо ишине көп жылдык эмгек сиңиргени үчүн Бубусара Рыскуловага «Коомго кызмат кылууга арналган өмүр үчүн» аттуу эстелик белги тапшырылды. Отуз […]

Далее..... Нью-Йоркто аялдардын укуктары үчүн кыймылдын ардагери Бубусара Рыскулова сыйланды

Бишкекте 500 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк баштыктары тапшырылды

Бүгүн, 12-мартта, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинде Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын тургундары үчүн 500 азык-түлүк баштыкчаларын таратуу иш-чарасы өттү. Кайрымдуулук акциясы ыйык Рамазан айында Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Бишкектеги программаларды координациялоо кеңсесинин колдоосу менен уюштурулду. Иш-чаранын алкагында азык-түлүк баштыкчалары Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо […]

Далее..... Бишкекте 500 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк баштыктары тапшырылды

Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо тармагында кыргыз-өзбек кызматташтыгы жолугушууда талкууланды

2026-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К.Л. Сагынбаев Кыргыз Республикасындагы Өзбекстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саидикрам Пархатович Ниязходжаев менен жолугушту. Тараптар эмгек миграциясы жана социалдык маселелер чөйрөсүндөгү кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнү, анын ичинде калктын жумуш менен камсыз болушу, социалдык коргоо системасын өркүндөтүү жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Элчи […]

Далее..... Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо тармагында кыргыз-өзбек кызматташтыгы жолугушууда талкууланды

Социалдык контрактка арыздарды кабыл алуу уланууда

  2026-жылдын 11-мартына карата республика боюнча 1825 арыз келип түштү. 607 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлүп, алардын ичинен эң көбү 341 долбоор  айыл чарба багытында болду. Бүгүнкү күндө арыздарды кабыл улантылууда. Аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөргө жардам берүүгө багытталган “Социалдык контракт” программасы Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен 2022-жылдан бери ишке ашырылууда. Төрт жыл аралыгында […]

Далее..... Социалдык контрактка арыздарды кабыл алуу уланууда

Орозо айт жана Нооруз майрамдарына байланыштуу дем алыш күндөр тууралуу

  2026-жылдын 20-мартында белгилене турган мусулмандардын Орозо айт майрамына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык бул күн майрамдык иш эмес күн болуп эсептелерин эскертет. Ушуга байланыштуу майрамдын алдындагы жумуш күнү бир саатка кыскартылат. Ошондой эле министрлик 2026-жылы мамлекеттик майрам Нооруз — 21-март ишемби күнүнө туура келерин маалымдайт. […]

Далее..... Орозо айт жана Нооруз майрамдарына байланыштуу дем алыш күндөр тууралуу

Эмгек министрлигинде “Бала ырыcы” жаңы жөлөк пулун ишке ашыруунун механизмдерин талкуулоо боюнча жумушчу топтун биринчи жыйыны өттү

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде «Бала ырысы» аттуу жаңы мамлекеттик жөлөкпулду ишке ашыруунун механизмдерин талкуулоого арналган жумушчу топтун биринчи жыйыны болуп өттү. Жыйынды Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов ачты. Ал өз сөзүндө жаңы жөлөкпулду киргизүү балалуу үй-бүлөлөргө мамлекеттик колдоону күчөтүүгө жана алардын социалдык […]

Далее..... Эмгек министрлигинде “Бала ырыcы” жаңы жөлөк пулун ишке ашыруунун механизмдерин талкуулоо боюнча жумушчу топтун биринчи жыйыны өттү

Эмгек министрлигинде коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү тааныштырылды

  Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде аппараттык кеңешменин башында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча башкы башкармалыгынын коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Аалиев Айтбек Кубанычович тааныштырылды. Бул дайындоо Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы №328 Жарлыгын аткаруунун алкагында жүргүзүлүүдө. Кеңешменин жүрүшүндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канатбек […]

Далее..... Эмгек министрлигинде коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү тааныштырылды

Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын 2021–2030-жылдарга карата Концепциясын ишке ашыруунун экинчи этабы бекитилди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-мартындагы №139-т тескемеси менен Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын 2021–2030-жылдарга карата Концепциясын ишке ашыруунун экинчи этабы (2026–2030-жылдар) бекитилди. Азыркы глобалдык динамиканын шартында миграциялык процесстер мамлекеттердин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги факторлорунун бири бойдон калууда. Социалдык-экономикалык абал, эл аралык саясий кырдаал, ошондой эле тышкы экономикалык байланыштардын өнүгүшү Кыргыз Республикасындагы миграциялык процесстерге олуттуу таасирин тийгизет. […]

Далее..... Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын 2021–2030-жылдарга карата Концепциясын ишке ашыруунун экинчи этабы бекитилди
Пайдалуу
Ссылкалар