Жумуш эмес майрам күндөрү иштөө жана майрам күндөрүндөгү эмгек үчүн компенсациялар тууралуу

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги май айындагы майрамдык күндөрдүн алдында иш берүүчүлөргө жана кызматкерлерге эмгек мыйзамдарынын жумуш эмес майрам күндөрүндө иштөө тартибин жөнгө салган жоболорун эскертет. 2025-жылдын май айындагы жумуш эмес майрам күндөрү. Эмгек кодексинин 66-беренесине ылайык, май айында төмөнкү жумуш эмес майрам күндөрү белгиленген: • 1–4, 6–8-май — май каникулдары; • […]

Далее..... Жумуш эмес майрам күндөрү иштөө жана майрам күндөрүндөгү эмгек үчүн компенсациялар тууралуу

Кыргыз Республикасынын эмгек министринин орун басары миграция саясатын талкуулоо үчүн Евробиримдиктин өкүлү менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу Европа Биримдигинин миграциялык саясатты өнүктүрүү эл аралык борборунун (ICMPD) долбоорлорунун улук менеджери Голда Мира Рома айым менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар коопсуз жана иреттүү эмгек миграциясын камсыздоого багытталган миграциялык процесстерди жөнгө салуунун натыйжалуу системасын түзүү жолдорун талкуулашты. Негизги көңүл чет өлкөлөрдөгү Кыргыз […]

Далее..... Кыргыз Республикасынын эмгек министринин орун басары миграция саясатын талкуулоо үчүн Евробиримдиктин өкүлү менен жолугушту

Эмгек министри Кара-Суу районундагы реабилитациялык борборду ачуу үчүн каралып жаткан имаратты көрүп чыкты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Ош облусунун Кара-Суу районундагы реабилитациялык борборду ачуу үчүн каралып жаткан имаратты көрүп чыкты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет. Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, 2020-жылы Кара-Суу районунун Баш-Булак айылында жайгашкан 64-лицей пандемия учурунда ооруканага айландырылып, бейтаптарды кабыл алуу жайы катары колдонулган. 2022-жылдан бери бул имарат бош турат. […]

Далее..... Эмгек министри Кара-Суу районундагы реабилитациялык борборду ачуу үчүн каралып жаткан имаратты көрүп чыкты

Равшанбек Сабиров: Үй-бүлө мыйзамдарын жакшыртуу-бүгүнкү күндүн актуалдуу талабы

Равшанбек Сабиров: Үй-бүлө мыйзамдарын жакшыртуу – бүгүнкү күндүн актуалдуу талабы Бүгүн, 4-апрелде, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабировдун төрагалыгы астында Ош шаарында үй-бүлө кодексинин долбоорун талкуулоо жүрдү. Талкууга Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев, мамлекеттик органдардын жана диний өкүлдөр катышты. Эмгек министрлигинин […]

Далее..... Равшанбек Сабиров: Үй-бүлө мыйзамдарын жакшыртуу-бүгүнкү күндүн актуалдуу талабы

Эмгек министрлиги: Жаңы Эмгек кодекси эмгек акыны кечиктирүүдө үстөктүн бирдиктүү пайызын жана доонун эскирүү мөөнөтүн аныктайт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жаңы Эмгек кодексин киргизген өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берди. Ведомстводон билдиришкендей, туумдун бирдиктүү пайызы белгиленген. Эми, эгерде иш берүүчү эмгек акыны, өргүү боюнча жөлөкпулдарды, бошотуу жөлөкпулдарын же башка төлөмдөрдү кечиктирсе, анда ал ар бир мөөнөтү өтүп кеткен календардык күн үчүн иш жүзүндө төлөнбөгөн сумманын 0,25 пайызын кошумча төлөөгө милдеттүү. Доонун […]

Далее..... Эмгек министрлиги: Жаңы Эмгек кодекси эмгек акыны кечиктирүүдө үстөктүн бирдиктүү пайызын жана доонун эскирүү мөөнөтүн аныктайт

Эмгек министрлиги социалдык контракттын катышуучуларына пайызсыз насыялар аркылуу колдоо көрсөтүүнү улантат

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров брифингде билдирди. Анын айтымында, 2024-жылдан тартып социалдык контракттын алкагында Программанын катышуучуларына “Айыл Банк” ААК жана “Элдик Банк”аркылуу пайызсыз насыялар берилип жатат. “Программанын максаты-катышуучуларга социалдык контракттын каражаттары менен уюштурулган бизнести же чарбаны кеңейтүүгө колдоо көрсөтүү. Катышуучулар үч жылдык мөөнөткө 200 000 сомго чейин пайызсыз насыя ала […]

Далее..... Эмгек министрлиги социалдык контракттын катышуучуларына пайызсыз насыялар аркылуу колдоо көрсөтүүнү улантат

Эмгек министри: Социалдык контракттын суммасы 150 миң сомго чейин көтөрүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров брифингде билдиргендей, жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүүгө багытталган “социалдык контракт” программасы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылдан бери ишке ашырылууда. “Үч жыл ичинде бул долбоордун алкагында 3,3 млрд республикалык бюджеттен 32 226 үй-бүлөгө бөлүнгөн, ошондой эле кошумча 3 000 үй-бүлө Дүйнөлүк […]

Далее..... Эмгек министри: Социалдык контракттын суммасы 150 миң сомго чейин көтөрүлдү

Эмгек министрлигинин Өкүлчүлүгү эмгек мигранттарына 85 миллион сомдон ашык акча алууга жардам берди

Эмгек министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү эмгек мигранттарына үч жылдын ичинде 85 миллион рублдан ашык төлөнбөгөн эмгек акы алууга жардам берди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. Өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, бул аралыкта 3 258 кыргызстандык кайрылган. 2022 – жылы төлөмдөрдүн жалпы суммасы 2,1 миллион рублди түзсө, ушул жылдын биринчи айларында эле-7,8 миллион. Ведомстводон белгилешкендей, өткөн жылы эмгек […]

Далее..... Эмгек министрлигинин Өкүлчүлүгү эмгек мигранттарына 85 миллион сомдон ашык акча алууга жардам берди

Эмгек министрлиги балдарды зомбулуктан коргоонун комплекстүү ыкмасын талкуулады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде балдардын укугун коргоо боюнча тегерек стол өттү. Тегерек столдун ишине балдарды коргоо саясатын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты Министрдин орун басары Бакыт Дарманкул уулунун айтымында, Кыргызстанда 2,6 миллиондон ашык бала жашайт. “Өткөн жылы министрликтин аймактык түзүмдөрү тарабынан 6150 бала оор турмуштук абалда экени аныкталган. Ар бир бала […]

Далее..... Эмгек министрлиги балдарды зомбулуктан коргоонун комплекстүү ыкмасын талкуулады

Эмгек министри Равшанбек Сабиров жарандарды жеке кабыл алды

28-март күнү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров бекитилген графиктин алкагында жарандарды жеке кабыл алды. Жолугушууга ар кандай маселелер боюнча жардам сурап кайрылган 13 адам катышты. Жарандар министрге кайрылган негизги суроолор ишке орношууга көмөктөшүү, турак жай көйгөйлөрүн чечүү, жеке ассистенттин кызматын алуу, аутизм менен ооруган балдардын маселеси жана башка маселелер болду. Бардык кайрылгандарга […]

Далее..... Эмгек министри Равшанбек Сабиров жарандарды жеке кабыл алды
Пайдалуу
Ссылкалар