Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоону санариптештирүү борборуна бош орундар сунушталат

– башкы программист Билими: – жогорку кесиптик (техникалык же инженердик-экономикалык) билим. Программист катары 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы. – бизнес-аналитик Билими: – жогорку (кесиптик техникалык же инженердик-экономикалык жактан колдоого алынат) билим. Бизнес-аналитик катары 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы. – программист Билими: – жогорку кесиптик (техникалык же инженердик-экономикалык) билим. 1 жылдан программисттин иш тажрыйбасы. […]

Далее..... Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоону санариптештирүү борборуна бош орундар сунушталат

Ормушев Калнур Келдибекович “Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду” мекемесинин директору болуп дайындалды

“Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Ормушев Калнур Келдибекович Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу “Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду” мекемесинин директору болуп дайындалды. Дайындоо тууралуу тескемеге Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А. Касымалиев кол койду. КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров ведомствонун борбордук аппаратынын кызматкерлерине жаңы жетекчини […]

Далее..... Ормушев Калнур Келдибекович “Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду” мекемесинин директору болуп дайындалды

Орозо айт жекшемби күнү, 30-мартта белгиленет Майрамдарды которуу болбойт

Кыргызстанда Орозо айт жекшемби күнү, 30-мартта белгиленет.Бул тууралуу КР Мусулмандарынын Дин башкармалыгы эскертти. Рамазан айы 29-30 күнгө созулуп, быйыл орозо 29-мартта (кошкондо) аяктайт. Ага ылайык Орозо айт 30-март жекшембиге туура келет. Эске сала кетсек, 2025-жылдын январь айынын аягында кабыл алынган жаңы Эмгек кодексине ылайык, дем алыш күндөрүнө туура келген майрамдар иш күндөрүнө которуу болбойт.

Далее..... Орозо айт жекшемби күнү, 30-мартта белгиленет Майрамдарды которуу болбойт

Эмгек министрлиги 600дөн ашуун ишкерди Эмгек кодексинин жаңы ченемдерине үйрөттү

25-26-март күндөрү, Жалал-Абад жана Ош облустары-ЖИА Бизнес Ассоциациясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңеш менен биргеликте уюштурган “Бизнести агартуу кербени” маалыматтык кампаниясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өлкөнүн түштүк облустарында чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүнүн катышуусу менен жолугушуулардын жана семинарлардын сериясын өткөрдү. Өнөктүктүн максаты 2025-жылы күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын жаңы […]

Далее..... Эмгек министрлиги 600дөн ашуун ишкерди Эмгек кодексинин жаңы ченемдерине үйрөттү

Эмгек министрлигинде мамлекеттик тилди кесиптик чөйрөдө колдонууну кеңейтүү талкууланды

2025-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Жогорку Кеңештин депутаты Г.А. Кожокулова баштаган мамлекеттик тил боюнча жумушчу топ менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө министрликтин ишмердүүлүгүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана чыңдоо маселелери талкууланды. Эмгек министри Равшанбек Сабиров жолугушуунун катышуучуларын министрликте бардык документ жүгүртүү толугу менен […]

Далее..... Эмгек министрлигинде мамлекеттик тилди кесиптик чөйрөдө колдонууну кеңейтүү талкууланды

Социалдык контракт программасынын катышуучулары тарабынан өлкө боюнча 254 бал челек ачылган

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, былтыр “социалдык контракт” программасынын катышуучулары тарабынан өлкө боюнча 254 бал челек ачылган. Анын 150сү – Жалал-Абад облусунда. Ошол эле учурда облус боюнча аарычылык тармагында Аксы, Токтогул жана Базар-Коргон райондору алдыңкы орунга чыкты. Аарычылыкты Ош облусунан да өнүктүрө башташты. Бардыгы болуп 73 бал челек ачылган, алдыңкы орундукта Чоң-Алай районуна […]

Далее..... Социалдык контракт программасынын катышуучулары тарабынан өлкө боюнча 254 бал челек ачылган

Эмгек министрлиги: Аныкталган балдардын 57% ына оор кырдаалдан чыгууга жардам берилди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жыл ичинде турмуштук оор кырдаалда турган 6,1 миңден ашуун баланы аныктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. Аныкталган балдардын ичинен 3 482 бала турмуштук оор кырдаалдан чыгуу боюнча жардам алышты: балдар үй-бүлөлөргө жайгаштырылды, документтештирилди, мектепке кайтарылды, социалдык жардам алышты. Калгандарына карата иш улантылууда. Министрликтен такташкандай, турмуштук оор кырдаалда […]

Далее..... Эмгек министрлиги: Аныкталган балдардын 57% ына оор кырдаалдан чыгууга жардам берилди

Ализа Солтонбекова Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары болуп дайындалды

Солтонбекова Ализа Карыпбековна Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Далее..... Ализа Солтонбекова Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары болуп дайындалды

Эмгек министри “Келечек” реабилитациялык борборуна барды

Бүгүн, 20-мартта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров республикалык “Келечек”реабилитациялык борборуна барды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. “Үстүбүздөгү жылдын башынан бери бул борбордо өлкөнүн бардык аймактарынан 200гө жакын майыптуулугу бар балдар ар кандай реабилитациялык кызматтарды ала алышты. Алардын баары республикалык бюджеттин эсебинен дарыланышты. Бул борбор КР Президенти С.Н.Жапаровдун инклюзивдик саясатынын бир […]

Далее..... Эмгек министри “Келечек” реабилитациялык борборуна барды

Р. А. Сабиров: “Үй-бүлө-коомдун баалуулуктарынын алып жүрүүчүсү”

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда үй-бүлө кодексинин жаңы долбоорун талкуулоону уюштурду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. Ведомствонун башчысы Равшанбек Сабировдун айтымында, 2024-жылдын 20-21-декабрында Бишкек шаарында өткөн Элдик курултайда Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н.Жапаров үй-бүлө институтун бекемдөө боюнча чараларды иштеп чыгууну тапшырды. “Үй — бүлөлүк мыйзамдарды […]

Далее..... Р. А. Сабиров: “Үй-бүлө-коомдун баалуулуктарынын алып жүрүүчүсү”
Пайдалуу
Ссылкалар