Кыргызстан Катарга Памир кыргыздарын Ооганстанга жардам берүү программасына киргизүүнү сунуштады
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакова жана БУУнун Женевадагы бөлүмүнүн алдындагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү Омар Султанов БУУнун Женевадагы бөлүмүнүн алдындагы Катардын Туруктуу өкүлү Хенд Абдалрахман аль-Муфтах айым менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Ооганстанды, анын ичинде этникалык кыргыздарды колдоо максатында БУУнун Женевада жайгашкан түзүмдөрү боюнча кызматташуунун келечегин талкуулашты. Кыргыз тарап Улуу жана […]














