Эмгек министрлигинде калктын социалдык аялуу катмарынын укуктарын коргоо маселеси талкууланды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мамат уулу Чыңгызбек бүгүн, 19-апрелде АКШнын Мамлекеттик департаментинин Демократия, адам укуктары жана эмгек бюросунун (DRL) катчысынын жардамчысынын орун басары Николь Чулик менен жолугушту. Анда Кыргыз Республикасындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарынын аткарылышы, гендердик теңчиликке жетишүү боюнча чаралар, эмгекти коргоо маселелери талкууланды. Конфликт болгон аймактардан репатриацияланган балдарды […]

Далее..... Эмгек министрлигинде калктын социалдык аялуу катмарынын укуктарын коргоо маселеси талкууланды

Республика боюнча 144 бал челек чарбасы мамлекеттин колдоосу менен ачылган

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова “Социалдык контракт” программасынын катышуучусу Сулайман Батаевге барган иш сапарынын жыйынтыгында билдирди. “Биздин өлкө баалуу бал өсүмдүктөрүнө бай жана товардык балды өндүрүү жыл сайын өнүгүп келе жатат. “Социалдык контракт” программасынын катышуучулары да бул багыттын натыйжалуулугуна баа беришти. Эки жылдын ичинде 144 үй-бүлө мамлекеттен 100 миң сомдон […]

Далее..... Республика боюнча 144 бал челек чарбасы мамлекеттин колдоосу менен ачылган

Эмгек министри Гүлнара Баатырова айына 40 миң сомго чейин айлык алууну кантип баштаса болорун айтты

  Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Кемин районунда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесинин алкагында өткөн “Келечекке даярдоо: мектептен кийинки келечек жана мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө” форумуна катышты. Министр белгилегендей, бүгүнкү күндө мамлекет билим алуу жана жумуш менен камсыз кылуу боюнча ар кандай чараларды ишке ашырып жатат. “Эмгек министрлиги жаштарга кесиптик багыт алууга, […]

Далее..... Эмгек министри Гүлнара Баатырова айына 40 миң сомго чейин айлык алууну кантип баштаса болорун айтты

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору административдик кызмат орундарынын кенже (жетектөөчү адис) группаларына кадрлардын резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт

  Администрациялык кызмат орундарынын кенже группаларына коюлган жалпы квалификациялык талаптар: Билүү: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.   Административдик кызмат орундарынын кенже группаларына коюлган квалификациялык талаптар: Тармактык багыттар боюнча:   […]

Далее..... Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору административдик кызмат орундарынын кенже (жетектөөчү адис) группаларына кадрлардын резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт

Эмгек министрлиги: Жетим балдар үчүн “Келечекке салым” балдар депозити киргизилди

Тоголок жетим калган балдардын өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, алардын ден соолугун, турак жай шарттарын жакшыртууга жана билим алууга укуктарын камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозитин киргизүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Ушул Жарлыкты аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 2024-жылдын 1-июнунан баштап ишке ашырыла турган “Келечекке салым” […]

Далее..... Эмгек министрлиги: Жетим балдар үчүн “Келечекке салым” балдар депозити киргизилди

Эмгек министрлигинин Москвадагы Өкүлчүлүгүндө мигранттардын медициналык текшерүүдөн өтүшү талкууланды

  Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москва шаарындагы Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ж.Галиева жана Жогорку Кеңештин депутаты В. Раимбачаева КР жарандарынын РФда жүрүүсүнө, анын ичинде медициналык текшерүүдөн өтүшүнө байланыштуу маселелерди талкуулашты. В.Раимбачаева медициналык текшерүүдөн өткөндө Россиянын аймагына кире турган КР жарандарынын жугуштуу оорулары аныкталган учурлар бар экенин белгиледи. Ошондуктан Орусияга кирүүгө ниеттенип жаткан кыргызстандыктар арасында жугуштуу […]

Далее..... Эмгек министрлигинин Москвадагы Өкүлчүлүгүндө мигранттардын медициналык текшерүүдөн өтүшү талкууланды

Эмгек министрлиги социалдык контракттын катышуучуларын финансылык сабаттуулукка үйрөтө баштады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги республика боюнча “Социалдык контракт” программасына катышууну каалаган аз камсыз болгон жарандарга финансылык сабаттуулук боюнча окутууну баштады. Бул тууралуу министр Гүлнара Баатырова Чүй облусунун Аламүдүн районунун жашоочулары үчүн уюштурулган окутууда билдирди. “Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун демилгеси менен эки жылдан бери экономикалык оор кырдаалда турган үй – бүлөлөрдү колдоо программасы-социалдык контракт […]

Далее..... Эмгек министрлиги социалдык контракттын катышуучуларын финансылык сабаттуулукка үйрөтө баштады

Эмгек министрлиги – Жаңы Эмгек кодексине кандай өзгөртүүлөр киргизилди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча жаңы Эмгек кодекси Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу максатында бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн демилгеси менен көтөрүлгөн. Кодекстин долбоору мамлекеттик органдардын, Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын, Эл аралык эмгек уюмунун жана иш берүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрүнүн түздөн-түз катышуусунда иштелип чыккан. Бул Кодексте төмөнкүдөй жаңы киргизүүлөр каралган: Негизги жаңы киргизүүлөр:  иш берүүчү тарабынан […]

Далее..... Эмгек министрлиги – Жаңы Эмгек кодексине кандай өзгөртүүлөр киргизилди

Эмгек министрлиги: 9-Майга карата Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары 20,4 миң сомдон алышат

    Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана ардагерлерине 9-Майга карата кандай төлөмдөр берилерин айтып берди. Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылга 9-Майга карата төлөмдөргө 9934,5 миң сом каралган, алар төмөнкүдөй түрдө төлөнөт:   – улуу Ата Мекендик согуштун майыптары – 5 адам – 20 600 сом өлчөмүндө; – улуу Ата Мекендик […]

Далее..... Эмгек министрлиги: 9-Майга карата Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары 20,4 миң сомдон алышат

Эмгек министрлиги: Кыргызстандыктар май айында кандай эс алат

  Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, май айында расмий эс алуу күндөрү белгиленгенин эскертет. – 1-май – Эмгек майрамы; – 5-май – Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү; – 9-май – Жеңиш күнү. Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, […]

Далее..... Эмгек министрлиги: Кыргызстандыктар май айында кандай эс алат
Пайдалуу
Ссылкалар