Кыргызстанда ири, орто жана чакан бизнести жетектеген айымдардын саны өстү
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Монголияда өткөн “Жашыл келечек жолунда” аталыштагы аялдардын Дүйнөлүк форумунда билдирди. Жылдыз Полотова “Айлана-чөйрөнү коргоо ишмердүүлүгүн активдештирген лидер аялдар” темасында сөз сүйлөп, акыркы 30 жылда Кыргызстанда гендердик теңчилик жаатында олуттуу өзгөрүүлөр болгонун баса белгиледи. “Бизнесте, саясатта жана жетекчилик кызматтарда аялдардын саны байкаларлык өстү. Акыркы бир нече […]














