Эмгек министри Жылдыз Полотова майыптыкты аныктоонун жөнөкөйлөтүлгөн тартибин киргизүүнү тездетүүнү тапшырды
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова бүгүн, 26-июлда, биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча коллегиянын жүрүшүндө медициналык-социалдык эксперттик комиссияларга майыптуулукту аныктоонун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин киргизүүнү тездетүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. “Министрлик тарабынан майыптыкты аныктоо жана чечүү ыкмаларын өзгөртүү боюнча максаттуу иштер жүргүзүлүүдө. Кызматкерлерди кайрадан аттестациялоого, жол-жоболорду автоматташтырууга, материалдык-техникалык базаны […]














