Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнө карата Эмгек министри кимди сыйлады
Бүгүн, 21-июнда, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова борбордук аппараттын жана ведомствого караштуу бөлүмдөрдүн кызматкерлерин келе жаткан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин Күнү менен куттуктады. Жогорку кесипкөйлүгү жана кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн төмөнкү кызматкерлер “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги” төш белгиси менен сыйланышты: Окоева Г.К.- Гендердик саясат жана үй-бүлөлүк […]














