Эмгек министринин биринчи орун басары Борбор Азиянын климаттык тобокелдиктерге туруктуулугун талкуулоого катышты

  14-15-октябрда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары М.А. Баймурзаев Алмата шаарында Кыргыз Республикасынын Дуйнөлүк Банктын кенсеси тарабынан уюштурулган Борбордук Азиядагы финансылык туруктуулукту чыңдоо жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу темпин тездетүү боюнча Аймактык форумга катышты. Форумда Борбор Азия өлкөлөрүндөгү климаттын өзгөрүшүнүн контекстинде социалдык коргоо системаларына көңүл бурулган. “Кыргыз Республикасында жер […]

Далее..... Эмгек министринин биринчи орун басары Борбор Азиянын климаттык тобокелдиктерге туруктуулугун талкуулоого катышты

Борбордук Азия квалификация жана көндүмдөр жаатындагы кызматташтыктын туруктуу сценарийлерин иштеп чыгуу үчүн биригет

Бишкекте Борбордук Азия үчүн квалификация жана көндүмдөр тармагында туруктуу кызматташтык сценарийлерин иштеп чыгууга арналган иш-чарада өтүп жатат. Иш-чара аймактагы экономикалык, саясий жана социалдык кызматташтыкты изилдөөгө багытталган DARYA долбоорунун алкагында уюштурулду. Аймактык семинарга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан өлкөлөрүнөн катышууда. Мамлекеттик органдардын, билим берүү мекемелеринин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү региондун экономикасын өнүктүрүү жана атаандаштыкка […]

Далее..... Борбордук Азия квалификация жана көндүмдөр жаатындагы кызматташтыктын туруктуу сценарийлерин иштеп чыгуу үчүн биригет

Ооганстандагы этникалык кыргыздарга медициналык жана ветеринардык дары-дармектер жеткирилди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт жетектеген гуманитардык миссия Афганистандын Бадахшан провинциясына этникалык кыргыздарга жана жергиликтүү тургундарга медициналык жана ветеринардык дары-дармектерди жеткирди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. Миссия Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасын ишке ашыруунун жана Кичи жана Чоң Памирдеги этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү программасын аткаруунун алкагында багытталган. Министрдин […]

Далее..... Ооганстандагы этникалык кыргыздарга медициналык жана ветеринардык дары-дармектер жеткирилди

Кыргызстандыктар ноябрь айынын башында төрт күн эс алат

Кыргызстандыктар ноябрь айынын башында төрт күн эс алат Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык 7 жана 8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жумуш эмес майрам күндөрү катары аныкталгандыгын билдирет. Бул күндөр бейшемби жана жума күндөрүнө туура келгендигине байланыштуу беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген кызматкерлер […]

Далее..... Кыргызстандыктар ноябрь айынын башында төрт күн эс алат

Түркиянын борбору Анкара шаарында 2024-жылдын 1-6- октябрында “Экинчи Диаспора Жаштар Форуму” болуп өттү

Түркиянын борбору Анкара шаарында 2024-жылдын 1-6- октябрында “Экинчи Диаспора Жаштар Форуму” болуп өттү. Түрк Мамлекеттери Уюмунун алкагында Түркия мамлекетинин Чет элдеги түрктөр жана бир тууган элдер Башкармалыгы тарабынан 2024-жылдын 1-6- октябрында “Экинчи Диаспора Жаштар Форуму” уюштурулду. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аталган форумга Германия, Бельгия жана Франциядагы 3 жаш активисти талапкер кылып […]

Далее..... Түркиянын борбору Анкара шаарында 2024-жылдын 1-6- октябрында “Экинчи Диаспора Жаштар Форуму” болуп өттү

4 миң жумуш орду, 100 компания – Эмгек министрлиги Бош орундар жарманкесин өткөрдү

4 миң жумуш орду, 100 компания – Эмгек министрлиги Бош орундар жарманкесин өткөрдү Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун адам потенциалын жогорулатуу жана иш менен камсыз кылуу боюнча активдүү чараларды киргизүү боюнча демилгесинин алкагында Бишкек шаарында Бош орундар жана кесиптер – 2024 жарманкеси болуп өттү, ага борбор калаабыздын 100дөн ашык алдыңкы компаниялары катышты. Уюштуруучулар Кыргыз Республикасынын […]

Далее..... 4 миң жумуш орду, 100 компания – Эмгек министрлиги Бош орундар жарманкесин өткөрдү

Социалдык контракттын катышуучусу Башаарат Нишанова “Лейлек килемдери-2024” фестиваль – жарманкесине катышууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакова бүгүн Бишкекте салттуу түрдө өткөрүлүп келген “Лейлек килемдери-2024” фестиваль – жарманкесине катышты. Ал белгилегендей, колго жасалган килемдер дүйнөнүн жашыл экономикага умтулуусун чагылдырат. «Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун демилгеси менен Эмгек министрлиги ишке ашырып жаткан «Социалдык контракт» долбоорунун алкагында Лейлек районунан 4 катышуучу килем токуу боюнча бизнес-план […]

Далее..... Социалдык контракттын катышуучусу Башаарат Нишанова “Лейлек килемдери-2024” фестиваль – жарманкесине катышууда

Эмгек чөйрөсүндөгү зордук-зомбулукту жана куугунтуктоону жок кылуу жөнүндө ЭЭУ №190-конвенциясын ишке ашыруу боюнча конференция өттү

Бүгүн, 2-октябрда, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Тилектештик борбору менен биргеликте уюштурган Эл аралык эмгек уюмунун 190-Эл аралык эмгек уюмунун күч колдонууну жана куугунтуктоону жоюу жөнүндө конвенциясын илгерилетүү жана практикалык ишке ашырууга багытталган конференция болуп өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Европа жана Борбор Азия боюнча Тилектештик борборунун аймактык директору Руди Портер, эл аралык уюмдардын […]

Далее..... Эмгек чөйрөсүндөгү зордук-зомбулукту жана куугунтуктоону жок кылуу жөнүндө ЭЭУ №190-конвенциясын ишке ашыруу боюнча конференция өттү

Эмгек министри: Биздин улуу муундун өмүрү эрдиктин жана туруктуулуктун символу

  Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Ысык-Ата районунда жайгашкан Төмөнкү – Серафимовка социалдык стационардык мекемесинин кызмат алуучуларын карылардын Эл аралык күнү менен куттуктады. Бүгүнкү күндө мекемеде 108 улгайган жаран жана 205 майыптыгы бар адам жашайт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. “Быйыл биз Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилеп жатабыз. […]

Далее..... Эмгек министри: Биздин улуу муундун өмүрү эрдиктин жана туруктуулуктун символу

Эмгек министри: Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жарандарга ийгиликтин үлгүсүн көрсөтүүдө

  Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова бүгүн Эл аралык дүлөйлөр күнүнө арналган иш-чарада сүйлөп жатып, майыптыгы бар кыргызстандыктардын жигердүү жашоо позициясын белгиледи. “Дүйнөлүк тарыхта биз майыптыгы бар адамдар ийгиликке жеткен көптөгөн мисалдарды билебиз. Бетховен өзүнүн эң атактуу чыгармаларын такыр кулагы укпаган кезинде жазган. Америкалык дүлөй жазуучу, жумушчулардын укуктары жана аялдардын тең укуктуулугу […]

Далее..... Эмгек министри: Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жарандарга ийгиликтин үлгүсүн көрсөтүүдө
Пайдалуу
Ссылкалар