“Балага сүйүнчү” алуу үчүн арыз берген жарандар эртеси күнү эле акча каражаты түшкөндүгү тууралуу банктардан СМС-билдирүү алышууда.
Бишкек шаарынын Свердлов районунда, Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунда “балага сүйүнчү” төлөмдөрүнүн жөнөкөйлөтүлгөн механизми ишке ашырылууда. Тактап айтканда, Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат базасынан борборлоштурулган тутуму аркылуу Министрликтин маалымат базасына арыздар дароо түшүүдө. Эми аталган пилоттук райондордо “балага сүйүнчү” алуу үчүн банктан атайын эсеп счет ачуунун кажети жок. Анткени каражаттар транзиттик счетторго түшөт. Жарандар которулган […]