Эмгек министрлиги менен Дүйнөлүк банк социалдык жардам жана эмгек рыногу боюнча долбоорду талкуулады

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде биринчи орун басар министр К.С. Досматовдун жана Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу кеңешме болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «Социалдык жардам программаларын жана эмгек рыногун чыңдоо» аттуу биргелешкен долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшүн талкуулашты. Өзгөчө көңүл «Үй-бүлөгө көмөк» социалдык колдоо программасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана жаш жарандардын жумуш […]

Далее..... Эмгек министрлиги менен Дүйнөлүк банк социалдык жардам жана эмгек рыногу боюнча долбоорду талкуулады

Эмгек министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору Түркияда кыргызстандыктарды ишке орноштуруудагы мыйзам бузууларга байланыштуу 4 компаниянын ишин токтотту

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору 12-январда Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштурууну жүзөгө ашыруу укугуна уруксат берүү тартиби жөнүндө Жобонун талаптары бузулган фактыларды аныктады. Борбордун маалыматына ылайык, мониторингдин жүрүшүндө айрым жөнөтүүчүлөр тарабынан Түркия Республикасынын аймагында ишке орноштуруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жалдоо учурунда ишенимсиз маалыматтар берилгени […]

Далее..... Эмгек министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору Түркияда кыргызстандыктарды ишке орноштуруудагы мыйзам бузууларга байланыштуу 4 компаниянын ишин токтотту

“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобого Усулдук көрсөтмөлөрдү бекитүү тууралуу буйрук

“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобого Усулдук көрсөтмөлөрдү бекитүү тууралуу буйрук – жүктөө

Далее..... “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобого Усулдук көрсөтмөлөрдү бекитүү тууралуу буйрук

Эмгек министрлиги РФдагы кыргызстандыктарга жыл башынан бери 34 млн рублдан ашык төлөнбөй калган айлык акыны кайтарып берүүгө көмөктөштү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү 2025-жылдын 11 айында 376 Кыргыз Республикасынын жаранына 34,3 млн рубль өлчөмүндөгү эмгек акыны алууга көмөк көрсөттү. Мындан тышкары, өндүрүштүк жаракаттан улам ден соолугуна келтирилген зыян үчүн 10 жаран иш берүүчүлөрдөн жалпы суммасы 15,9 млн рубль болгон компенсация өндүрүп алууга жетишти. Өкүлчүлүк иштеп баштаган мезгилден […]

Далее..... Эмгек министрлиги РФдагы кыргызстандыктарга жыл башынан бери 34 млн рублдан ашык төлөнбөй калган айлык акыны кайтарып берүүгө көмөктөштү

Эмгек министрлигинин көмөгү менен 2025-жылы 25 391 жаңы жумуш оруну түзүлдү

  Ушул жылы социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдын өлчөмү 100,0 миң сомдон 150,0 миң сомго жогорулады. 2025-жылы республика боюнча 150 миң сомдон 13 331 жараныбыз менен социалдык контракт түзүлдү. Сумманы 150 миң сомго көбөйтүү үй-бүлөлөрдүн социалдык контрактка активдүү катышуусуна түрткү берип, ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрүнүн материалдык абалын жакшыртууга, ар кандай бизнесте атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулататууга; үй-бүлөлөрдүн […]

Далее..... Эмгек министрлигинин көмөгү менен 2025-жылы 25 391 жаңы жумуш оруну түзүлдү

Жаңы колдонмо боюнча Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кызматкерлери үчүн окутуу өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан у.ж. 26-декабрында министрликтин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери үчүн жөлөкпулдун жаңы түрү – “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк”  боюнча окутуу өткөрүлдү. Ведомствонун маалыматы боюнча, “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу, бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым […]

Далее..... Жаңы колдонмо боюнча Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кызматкерлери үчүн окутуу өткөрүлдү

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусундагы социалдык мекемелерди кыдырып, мамлекеттик кызматкерлерди социалдык жоопкерчиликке чакырды

  Жаңы жылдын алдында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А. Касымалиев Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жайыл районундагы аялдар үчүн психоневрологиялык жана Беловодск айылындагы балдар стационардык социалдык мекемелерине барды. Ал жерде социалдык кызматтарды алуучуларды келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, социалдык жактан аярлуу жарандарга даректүү колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. МинКаб Төрагасы социалдык объектилерди […]

Далее..... МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусундагы социалдык мекемелерди кыдырып, мамлекеттик кызматкерлерди социалдык жоопкерчиликке чакырды

Эмгек министрлиги: 114 фостердик үй-бүлөдө 250 бала тарбияланууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда фостердик үй-бүлөлөр системасын өнүктүрүүнү улантууда. Фостердик ата-эне болууга талапкерлерди даярдоо жана мындай үй-бүлөлөрдө балдарды багып-кармоо үчүн жыл сайын бюджеттик каражаттар каралат. Бүгүнкү күндө 114 фостердик үй-бүлө иштеп, анда 250 бала тарбияланууда. Ошондой эле фостердик ата-эне болууга 31 талапкер каттоодон өткөн. 2014-жылдан бери 400дөн ашык бала фостердик үй-бүлөлөрдүн кызматынан […]

Далее..... Эмгек министрлиги: 114 фостердик үй-бүлөдө 250 бала тарбияланууда

Жыл башынан бери «Балдар үчүн ишеним телефону – 111» кызматына 67 429 чалуу келип түштү

2015-жылдан бери Эмгек министрлигинин алдында мамлекеттик «Балдар үчүн ишеним телефону – 111» мекемеси иштеп келет. Ал суткасына 24 саат бою үзгүлтүксүз иштеп, республиканын бардык аймактарынан түшкөн чалууларды акысыз кабыл алат. Борбордун психологдору күнү-түнү телефон аркылуу жардам көрсөтүшөт. Ар бир нөөмөттө эки адис иштейт. Алар чалууларды кабыл алып, кайрылуучуларды угуп, консультация беришет, кайрылууларды журналга катташат, анкеталарды […]

Далее..... Жыл башынан бери «Балдар үчүн ишеним телефону – 111» кызматына 67 429 чалуу келип түштү

Эмгек министрлиги: III кварталда 800дөн ашык бала үй-бүлө тапты

  2025-жылдын III кварталында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ата-энесинин камкордугусуз калган балдар менен иштөө боюнча  жыйынтыктарды билдирди. Кварталдын жыйынтыгына ылайык, 492 бала камкордукка берилсе, 370 бала улуттук асыроого өткөрүлдү, дагы 2 бала чет өлкөлүк жарандар тарабынан асырап алынды. Балдарды кабыл алган бардык үй-бүлөлөр милдеттүү түрдө каттоодон өтүп, камкордук органдарынын туруктуу көзөмөлүндө турат. Бул […]

Далее..... Эмгек министрлиги: III кварталда 800дөн ашык бала үй-бүлө тапты
Пайдалуу
Ссылкалар