2026-жылдын 17-августунда Улуу Британияда 2027-жылга сезондук жумуштарга онлайн каттоо башталат — Эмгек министрлиги

Эмгек министрлигине караштуу Чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борбору HOPS Labour Solutions Ltd оператору менен кызматташтыктын алкагында 2027-жылга Улуу Британиядагы сезондук айыл чарба жумуштарына жарандарды онлайн каттоо баштала тургандыгын маалымдайт. Онлайн каттоо 2026-жылдын 17-августунда саат 12:00дө башталып, 20-августта саат 23:59да Бишкек убактысы боюнча аяктайт. Каттоонун башталышы тууралуу маалымат жана каттоодон өтүү үчүн шилтеме каттоо күнү […]

Далее..... 2026-жылдын 17-августунда Улуу Британияда 2027-жылга сезондук жумуштарга онлайн каттоо башталат — Эмгек министрлиги

Кыргызстанда бир катар жеке ишке орноштуруу агенттиктерине жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу боюнча уруксаттар берилди

  2026-жылдын 12-августунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборунда Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча иш жүргүзүүгө уруксат берүү, уруксат берүүдөн баш тартуу, уруксаттын мөөнөтүн узартуу, мөөнөтүн узартуудан баш тартуу, ошондой эле уруксаттарды жокко чыгаруу маселелерин кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйыны болуп […]

Далее..... Кыргызстанда бир катар жеке ишке орноштуруу агенттиктерине жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу боюнча уруксаттар берилди

Чет өлкөгө иштөө үчүн чыгып жаткан жарандар үчүн кетер алдындагы даярдыктан өтүү милдеттүү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги чет өлкөгө иштөө максатында чыгууну пландап жаткан жарандарга, ошондой эле жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктерине кетер алдындагы даярдыктан өтүүнүн милдеттүү экендигин эскертет. «Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча ишти жүргүзүүгө укук берүүчү уруксаттарды берүү тартиби жөнүндө» №49 жобого, атап айтканда, анын 7-бөлүмүнө ылайык, чет […]

Далее..... Чет өлкөгө иштөө үчүн чыгып жаткан жарандар үчүн кетер алдындагы даярдыктан өтүү милдеттүү

2026-жылдын 1-сентябрынан тартып Москва жана Москва облусунда чет өлкөлүктөр үчүн «Амина» тиркемеси милдеттүү болот

  Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Москва шаарында жана Москва облусунда жүргөн же аталган аймактарда болууну пландап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына чет өлкөлүк жарандарды миграциялык каттоого алуу тартибине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр тууралуу маалымдайт. 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып миграциялык каттоодон өтүүдө «Амина» мобилдик тиркемесин милдеттүү түрдө колдонууга тийиш болгон чет өлкөлүк жарандардын чөйрөсү кеңейтилет. […]

Далее..... 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып Москва жана Москва облусунда чет өлкөлүктөр үчүн «Амина» тиркемеси милдеттүү болот

2026-жылдын башынан бери оор турмуштук кырдаалдан 260 үй-бүлө жана 1 702 бала чыгарылды — Эмгек министрлиги

  2026-жылдын башынан бери оор турмуштук кырдаалга кабылган балдардын жана үй-бүлөлөрдүн укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында өзгөчө көңүл бурууну талап кылган шарттарда жашаган 3 606 бала аныкталды. Балдарга карата алардын бакубаттуулугун калыбына келтирүүгө, коопсуздугун камсыз кылууга жана укуктарын коргоого багытталган чаралардын комплексин камтыган баланы коргоо боюнча жекече иш-аракеттердин пландары иштелип чыгып, бекитилет. Жалпысынан […]

Далее..... 2026-жылдын башынан бери оор турмуштук кырдаалдан 260 үй-бүлө жана 1 702 бала чыгарылды — Эмгек министрлиги

Эмгек министрлиги: Кыргызстанда 115 фостердик үй-бүлөдө 244 бала тарбияланууда

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда фостердик үй-бүлөлөр системасын өнүктүрүүнү улантууда. Фостердик ата-эне болууга талапкерлерди даярдоо жана мындай үй-бүлөлөрдө балдарды багуу үчүн жыл сайын бюджеттен каражат каралат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 115 фостердик үй-бүлө иштеп, аларда 244 бала тарбияланууда. 2014-жылдан бери 400дөн ашык бала фостердик үй-бүлөлөрдүн кызматынан пайдаланган. Фостердик үй-бүлө – бул турмуштук […]

Далее..... Эмгек министрлиги: Кыргызстанда 115 фостердик үй-бүлөдө 244 бала тарбияланууда

Кыргызстанда 387 этникалык кыргызга кайрылман статусу берилди

Кыргызстанда 2026-жылдын жети айында 387 этникалык кыргызга кайрылман статусу берилди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдайт. Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери өлкөгө 90 миңден ашуун этникалык кыргыз көчүп келген. Алардын ичинен 70 миңге жакыны Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышкан. Кайрылман статусу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички […]

Далее..... Кыргызстанда 387 этникалык кыргызга кайрылман статусу берилди

Кыргызстанда 8 миңден ашык бош жумуш орундары бар

2026-жылдын 1-июлуна карата Кыргыз Республикасынын иш менен камсыз кылуу кызматтарына иш берүүчүлөр тарабынан 16 106 бош жумуш орду билдирилген. Эң көп суроо-талап жумушчу кесиптерге байкалууда. Ошол эле учурда, 2026-жылдын 1-июлуна карата 8 450 бош жумуш орду бош.

Далее..... Кыргызстанда 8 миңден ашык бош жумуш орундары бар

Эмгек министрлиги: жыл башынан бери иш менен камсыз кылуу кызматтарынын көмөгү менен 7 миңден ашуун жаран жумуш менен камсыз болду

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2026-жылдын 1-июлуна карата иш менен камсыз кылуу кызматтарына 77 551 жаран кайрылганын маалымдайт. Алардын ичинен 52 807 жаранга эмгек мыйзамдары жана иш менен камсыз кылуу маселелери, кесиптик окутуу жана кайра даярдоо мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле кесип тандоо боюнча консультациялар берилди. Иш менен камсыз кылуу кызматтарынын негизги багыттарынын бири […]

Далее..... Эмгек министрлиги: жыл башынан бери иш менен камсыз кылуу кызматтарынын көмөгү менен 7 миңден ашуун жаран жумуш менен камсыз болду

Эмгек министрлиги: Июль айында «Бала ырысы» жөлөк пулу 191 796 балага дайындалды

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2026-жылдын июль айынын жыйынтыгы боюнча ай сайын берилүүчү мамлекеттик «Бала ырысы» жөлөк пулу 191 796 балага дайындалганын маалымдайт. 5-августта министрлик жөлөк пулду төлөп берүү үчүн 235,7 млн сом өлчөмүндө каражатты каржылады. Өз кезегинде коммерциялык банктар жөлөк пулду алуучулардын эсептерине акча каражаттарын которууну башташат. 2026-жылдын 1-июлунан тартып Кыргызстанда […]

Далее..... Эмгек министрлиги: Июль айында «Бала ырысы» жөлөк пулу 191 796 балага дайындалды
Пайдалуу
Ссылкалар