Эмгек министрлиги жакынкы арада эмгек рыногунда кайсы кесиптерге суроо-талап болорун аныктайт
Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Бишкек шаарында өткөн “Кыргыз Республикасынын эмгек рыногундагы керектөөлөрүн талдоо” конференциясында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова билдирди. Эмгек министрлиги Европалык билим берүү фонду менен биргеликте уюштурган иш-чарага мамлекеттик органдардын, академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү жана иш берүүчүлөр чогулуп, эмгек рыногунун квалификациялуу кадрларга болгон муктаждыгын талдап чыгышты. Президенттин аймактардагы […]