Бишкекте Карылар күнүнө арналган кайрымдуулук жарманкеси өтөт
Бишкек шаарында 1-октябрда улгайган жарандардын жашоо сапатын жана ден соолугун жакшыртууга арналган кайрымдуулук жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет. Жармаңкеге өлкөнүн бардык аймактарынан 40ка жакын өзүн-өзү тейлөө топтору, улуу муундун өкүлдөрү катышып, жүн жана кийизден жасалган буюмдарды, кол өнөрчүлүк сувенирлерин сунушташат. Иш-чаранын программасында лотереялар, мастер-класстар, бий флешмобу жана Бишкектеги […]














