Эмгек министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт: Алай районунда дагы 35 үй-бүлө мамлекеттин жардамы менен бизнес баштады
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт Алай районунда “Социалдык контракт” долбоорунун ишке ашырылышына мониторинг жасап келди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. Мониторингдин жүрүшүндө Дарманкул уулу Бакыт мамлекеттен каржыланган үй-бүлөлөрдү тандап барып көрдү. «Бардык үй-бүлөлөр киреше гана алышпастан, бизнесин кеңейтүүнү да пландап жатышат. Бул “Социалдык контракт” долбоорунун натыйжалуулугунун өтө […]













