Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Р.А.Сабировдун Нооруз майрамы менен куттуктоосу.

Урматтуу мекендештер!

Жаркыраган жаз менен, эл күткөн Нооруз майрамы да босогону аттап кирип келди. Нооруз — көгүлтүр асман астында жаратылыштын жаңыланган, жаңы өмүрдүн башталган мезгили!
Бул майрамдын көөнөрбөс бир касиети ата-бабаларыбыздын улуу салтын, үрп адатын, рухий дөөлөтүн руханий байлыгын кылымдан кылымга, муундан муунга мурастап келатканында десек болот. Нооруздун келиши менен Ала-Тообуз көрктөнүп, элибиз шаңданып салтанаттуу түрдө куттуктоо айтып, жакшылыкты тилегени, наркыбызды сактап улутубуздун улуулугун улаганыбыздын белгиси.
Жадыраган жаз күнүндө тосуп жаткан ак тилектин, аруу ниеттин, мээримдүүлүктүн, ыйман менен боордоштуктун белгиси болгон Нооруз майрамы баарыңыздарга жакшылык алып келсин!
Нооруз бизге бейпил, берекелүү заман тартуулап, жаңы дем берсин, жаз күнүндөй жаркын маанай, ынтымак, ырыскы, бакты-таалай дайыма сиздер менен бирге болсун!»
Урматым менен, Р.Сабиров

Жанылыктар/Жарнама

Денежные средства поступившие от спонсоров

Кыргызстан

Акчалай компенсация36113
Уй-бүлөгө көмөк281012
Ар айлык социалдык жөлөкпул109450
Ата-энесинин экөө тең белгисиз балдар30
ЖЕКЕ АССИСТЕНТ
Пайдалуу
Ссылкалар